Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы „Кыргыз комплекстүү гидрогеологиялык экспедициясы“ мамлекеттик ишканасын кайра уюштуруу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 23-апрелиндеги № 170 токтомунун редакциясына ылайык) 2016-жылдын 30-декабры № 717 Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы "Кыргыз комплекстүү гидрогеологиялык экспедициясы" мамлекеттик ишканасын кайра уюштуруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы "Кыргыз комплекстүү гидрогеологиялык экспедициясы" мамлекеттик ишканасынын ишин оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 92-94-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы "Кыргыз комплекстүү гидрогеологиялык экспедициясы" мамлекеттик ишканасы ага "Сокулук гидрогеологиялык партиясы" мамлекеттик ишканасын жана "Ош гидрогеологиялык партиясы" мамлекеттик ишканасын кошуу менен кайра уюштурулсун.
2 (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 23-апрелиндеги № 170 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети үч айлык мөөнөттө ушул токтомдун 1-пунктунда аталган кайра уюштурулуучу юридикалык жактардын өткөрүп берүү актыларын бекитсин жана ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын өнөр жай, отун-энергетикалык комплекси жана кен пайдалануу бөлүмүнө жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр
С. Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- "Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы "Кыргыз комплекстүү гидрогеологиялык экспедициясы" мамлекеттик…Устав · 30.12.2016 · № 717 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 23-апрелиндеги № 170 "Геология жана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым мамлекеттик ишканаларды кайра уюштуруу жөнүндө" токтомуПостановление · 23.04.2021 · № 170 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (2)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 23-апрелиндеги № 170 "Геология жана жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү айрым мамлекеттик ишканаларды кайра уюштуруу жөнүндө" токтомуПостановление · 23.04.2021 · № 170 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Граждандык КодексиКодекс · 08.05.1996 · № 15