# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-декабрындагы № 712 "Техникалык регламенттердин талаптарына шайкештикти баалоо (ырастоо) боюнча органдарга ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-декабрындагы № 712 "Техникалык регламенттердин талаптарына шайкештикти баалоо (ырастоо) боюнча органдарга ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 712
- Кабыл алынган күнү: 30.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.08.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/99703>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19514/edition/1053352/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/99703.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.08.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 30-декабрындагы № 712 "Техникалык регламенттердин талаптарына шайкештикти баалоо (ырастоо) боюнча органдарга ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтому (14.08.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/99703

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 14-августундагы № 469 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 30-декабры № 712 Техникалык регламенттердин талаптарына шайкештикти баалоо (ырастоо) боюнча органдарга ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 85 токтомунун редакциясына ылайык)

"Кыргыз Республикасындагы техникалык жөнгө салуунун негиздери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27-беренесин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Техникалык регламенттердин талаптарына шайкештикти баалоо (ырастоо) боюнча органдарга ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 85 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

С. Жээнбеков
