# КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-декабрындагы № 677 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак – аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболорун бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-декабрындагы № 677 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак – аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболорун бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 677
- Кабыл алынган күнү: 14.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 06.08.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/99669>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19493/edition/1096267/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/99669.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.08.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-декабрындагы № 677 "Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак – аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболорун бекитүү тууралуу" токтому (06.08.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/99669

---

КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы № 116 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 14-декабры № 677 Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак – аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин түзүмдүк бөлүмдөрү жөнүндө жоболорун бекитүү тууралуу (КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-мартындагы № 153 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак – аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин түзүмдүк бөлүмдөрүнүн ишмердүүлүгүн жакшыртуу максатында, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” конституциялык мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.Бекитилсин:

- (абзац КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-мартындагы № 153 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин Айыл чарба өсүмдүктөрүн экспертизалоо боюнча департаменти жөнүндө Жобо, 2-тиркемеге ылайык.

(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 13-мартындагы № 153 токтомунун редакциясына ылайык)

2. “Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин маселелери жөнүндө” 2012-жылдын 20-февралындагы № 140 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна төмөндөгү өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 4-пунктунун төртүнчү, алтынчы, он биринчи абзацтары күчүн жоготту деп табылсын.

3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

С. Жээнбеков
