# КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-декабрындагы № 674 "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарды сактоону камсыз кылуу маселелери жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-декабрындагы № 674 "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарды сактоону камсыз кылуу маселелери жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 674
- Кабыл алынган күнү: 14.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.05.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/99664>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19492/edition/1160993/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/99664.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.05.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-декабрындагы № 674 "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарды сактоону камсыз кылуу маселелери жөнүндө" токтому (16.05.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/99664

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 16-майындагы № 252 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 14-декабры № 674 Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдарды сактоону камсыз кылуу маселелери жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 7-августундагы № 362, Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 29-декабрындагы № 356 токтомдорунун редакцияларына ылайык) Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндө мамлекеттик саясатты ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине, "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарында жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдардын сакталышына мониторинг жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө жобо 1-тиркемеге ылайык;

- (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 29-декабрындагы № 356 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- Мамлекетке материалдык зыян келтирген мамлекеттик жарандык жана муниципалдык кызматчылардын маалыматтык базасын жүргүзүү жана материалдык зыяндын ордун толтуруу тартиби 3-тиркемеге ылайык;

- (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 7-августундагы № 362 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 7-августундагы № 362, Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 29-декабрындагы № 356 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 27-майындагы № 286 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматынын айрым маселелери жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 4-мартындагы № 104 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдар тарабынан протоколдук иш-чараларга, кызматтык иш сапарларга жана башка расмий иш-чараларга байланыштуу алынган белектерди сатып алуу тартибин бекитүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 13-августундагы № 576 "Мамлекеттик органдардын кызмат адамдары тарабынан келтирилген материалдык зыяндын ордун регресс тартибинде толтуруу маселелери жөнүндө" токтому.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

С. Жээнбеков
