# КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-декабрындагы № 645 "Кыргыз Республикасында шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүүдө шайлоо участокторунда техникалык кызмат көрсөтүүлөрдү камсыздоо жана жарандарды идентификациялоо үчүн тартылган адамдарга компенсациянын жана акы төлөөнүн өлчөмдөрүн белгилөө жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-декабрындагы № 645 "Кыргыз Республикасында шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүүдө шайлоо участокторунда техникалык кызмат көрсөтүүлөрдү камсыздоо жана жарандарды идентификациялоо үчүн тартылган адамдарга компенсациянын жана акы төлөөнүн өлчөмдөрүн белгилөө жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 645
- Кабыл алынган күнү: 08.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.06.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/99661>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19489/edition/1118785/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/99661.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.06.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-декабрындагы № 645 "Кыргыз Республикасында шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүүдө шайлоо участокторунда техникалык кызмат көрсөтүүлөрдү камсыздоо жана жарандарды идентификациялоо үчүн тартылган адамдарга компенсациянын жана акы төлөөнүн өлчөмдөрүн белгилөө жөнүндө" токтому (08.06.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/99661

---

КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 8-июнундагы № 309 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ

2016-жылдын 8-декабры № 645 Кыргыз Республикасында шайлоолорду жана референдумдарды өткөрүүдө шайлоо участокторунда техникалык кызмат көрсөтүүлөрдү камсыздоо жана жарандарды идентификациялоо үчүн тартылган адамдарга компенсациянын жана акы төлөөнүн өлчөмдөрүн белгилөө жөнүндө Шайлоочулардын тизмесин түзүүдө жана аларды идентификациялоодо заманбап биометрикалык технологияларды колдонууну караган Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону жана Кыргыз Республикасында референдумдарды өткөрүүнү камсыздоо үчүн калкты каттоо чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан тартылуучу адамдарга компенсациянын жана акы төлөөнүн бирдиктүү өлчөмүн белгилөө максатында, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексине, “Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Президентин, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү кеңештеринин депутаттарын шайлоону жана Кыргыз Республикасында референдумдарды өткөрүүдө шайлоо участокторунда техникалык кызмат көрсөтүүлөрдү камсыздоо жана жарандарды идентификациялоо үчүн калкты каттоо чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан тартылуучу адамдарга компенсациянын жана акы төлөөнүн өлчөмү 6 200 (алты миң эки жүз) сом суммасында (кызматкерден киреше салыгын жана социалдык чегерүүлөрдү эске алуу менен) белгиленсин.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 29-сентябрындагы № 669 “Добуш берүү күнү шайлоо участокторунда техникалык кызмат көрсөтүүлөрдү жана жарандарды идентификациялоону камсыздоо үчүн тартылган адамдарга компенсация жана эмгек акы төлөөнүн өлчөмдөрүн белгилөө жөнүндө” токтому;

3. “Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 29-сентябрындагы № 669 “Добуш берүү күнү шайлоо участокторунда техникалык кызмат көрсөтүүлөрдү жана жарандарды идентификациялоону камсыздоо үчүн тартылган адамдарга компенсация жана эмгек акы төлөөнүн өлчөмдөрүн белгилөө жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 21-декабрындагы № 859 токтому.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

С.Ш. Жээнбеков
