# КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-декабрындагы № 648 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ишин оптималдаштыруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-декабрындагы № 648 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ишин оптималдаштыруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 648
- Кабыл алынган күнү: 08.12.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.03.2020
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/99563>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19487/edition/1054717/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/99563.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.03.2020 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-декабрындагы № 648 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ишин оптималдаштыруу жөнүндө" токтому (10.03.2020 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/99563

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 8-декабры № 648 Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ишин оптималдаштыруу жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 87 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ишин оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 92-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Өрткө каршы мамлекеттик кызмат агенттигин (мындан ары - МӨКА) кошуу жолу менен Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кайра уюштурулсун.

2. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 87 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 13-июлундагы № 488 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Өрткө каршы мамлекеттик кызмат агенттиги жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

4. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги:

- ушул токтомду жүзөгө ашыруу менен байланышкан чыгымдарды 2016-жылга жана кийинки жылдарга Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине каралган каражаттардын чегинде ишке ашырсын;

- эки айлык мөөнөттө ушул токтомдон келип чыгуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.

5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

С. Жээнбеков
