Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ишин оптималдаштыруу жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 8-декабры № 648 Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ишин оптималдаштыруу жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 87 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин ишин оптималдаштыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 92-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Өрткө каршы мамлекеттик кызмат агенттигин (мындан ары - МӨКА) кошуу жолу менен Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кайра уюштурулсун.
2. (КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 87 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 13-июлундагы № 488 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Өрткө каршы мамлекеттик кызмат агенттиги жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
4. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги:
- ушул токтомду жүзөгө ашыруу менен байланышкан чыгымдарды 2016-жылга жана кийинки жылдарга Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине каралган каражаттардын чегинде ишке ашырсын;
- эки айлык мөөнөттө ушул токтомдон келип чыгуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
6. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр
С. Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 3 · байланышкандар: 2
Цитата келтиргендер (3)
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 87 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 10.03.2021 · № 87 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы №115 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жөнүндө" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 115 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 13-июлундагы № 488 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Өрткө каршы мамлекеттик кызмат агенттиги жөнүндө" токтомуПостановление · 13.07.2012 · № 488 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 13-июлундагы № 488 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Өрткө каршы мамлекеттик кызмат агенттиги жөнүндө" токтомуПостановление · 13.07.2012 · № 488 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 10-мартындагы № 87 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 10.03.2021 · № 87 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (2)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын Граждандык КодексиКодекс · 08.05.1996 · № 15
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-ноябрындагы № 577"Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 30-ноябрындагы № 804 "Кыргыз Республикасында акциялардын контролдук мамлекеттик пакети…Постановление · 14.11.2016 · № 577 · Күчүн жоготкон