# КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-декабрындагы № 646 "Салык жеңилдиктеринин натыйжалуулугун баалоо жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-декабрындагы № 646 "Салык жеңилдиктеринин натыйжалуулугун баалоо жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 646
- Кабыл алынган күнү: 08.12.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 04.08.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/99559>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19484/edition/1286446/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/99559.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.08.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 8-декабрындагы № 646 "Салык жеңилдиктеринин натыйжалуулугун баалоо жөнүндө" токтому (04.08.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/99559

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 4-августундагы № 388 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 8-декабры № 646 Салык жеңилдиктеринин натыйжалуулугун баалоо жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-августундагы № 487 токтомунун редакциясына ылайык) Фискалдык саясатты өркүндөтүү, салык жеңилдиктерин берүүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Берилүүчү салык жеңилдиктери алардын натыйжалуулугуна карата бааланары белгиленсин.

2. Салык жеңилдиктеринин натыйжалуулугун баалоо тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик салык кызматы, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы кызматы жана Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети (макулдашуу боюнча) менен бирге адилеттүү салык салуу принцибин сактоо, колдонуудагы салык жеңилдиктерин актуалдаштыруу максатында салык мыйзамдарына талдоо жүргүзсүн жана салык жеңилдиктерин жана бошотууларды оптималдаштыруу, аларды Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин жаңы редакциясынын долбооруна киргизүү боюнча негизделген сунуштарды Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө киргизсин.

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 16-августундагы № 487 токтомунун редакциясына ылайык)

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

С. Жээнбеков
