Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматты жоюу жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 15 ноября 2021 года № 264 "О предельной штатной численности государственных органов исполнительной власти Кыргызской Республики и иных государственных органов Кыргызской Республики, в том числе технического и обслуживающего персонала"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2021-11-15.
КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 30-ноябры № 637 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматты жоюу жөнүндө Укук коргоо органдарын реформалоо максатында, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2016-жылдын 18-июнундагы № 161 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын системасын реформалоо боюнча чаралар жөнүндө" Жарлыгына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызмат жоюлсун, мында төмөнкүлөр өткөрүп берилсин:
- баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана прекурсорлорду мыйзамдуу жүгүртүү чөйрөсүндөгү мамлекеттик саясатты иштеп чыгуу, ишке ашыруу жана ченемдик укуктук жөнгө салуу боюнча функциялар, тийиштүү бюджеттик каржылоосу менен 8 бирдик санындагы штаты - Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине;
- тийиштүү бюджеттик каржылоосу менен 255 бирдик санындагы штаты - Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине;
- тийиштүү бюджеттик каржылоосу менен 68 бирдик санындагы штаты - Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматка (финансы полициясы).
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматты жоюу жол-жобосун жүзөгө ашыруу үчүн комиссия (мындан ары - Жоюу комиссиясы) тиркемеге ылайык курамда түзүлсүн.
3. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматтын кызматкерлери Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган жоюу боюнча иш-чаралар аягына чыкканга чейин өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерин аткарууну уланта тургандыгы;
- Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматтын Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигине кызматка кабыл алынган кызматкерлерин турак жай менен жана социалдык камсыздоо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ишке ашырыла тургандыгы.
4. Жоюу комиссиясы 2 айлык мөөнөттө белгиленген тартипте:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматты жоюу боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган зарыл болгон иш-чараларды жүргүзсүн;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматтын өндүрүшүндө турган кылмыш иштерин жана материалдарды, ошондой эле "Жашыруун" жана "Өтө жашыруун" грифтери бар документтерди тиешелүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарга өткөрүп берүү маселесин чечсин.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын чеги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемесинде:
9-пункттагы "247" жана "75" деген цифралар тийиштүү түрдө "255" жана "83" деген цифралар менен алмаштырылсын; 27-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- жогоруда аталган токтомдун 5-тиркемесинде:
6-пункттагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызмат" деген сөздөр алып салынсын.
6. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызмат (финансы полициясы):
- ушул токтомдон келип чыгуучу ченемдик укуктук актылардын долбоорлорун Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна белгиленген тартипте киргизишсин;
- өздөрүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтиришсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрүшсүн.
7. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 132 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматтын маселелери" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 9-январындагы № 6 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 132 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматтын маселелери" жөнүндө токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 16-июлундагы № 397 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 20-апрелиндеги № 168 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 25-пункту;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 20-апрелиндеги № 276 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматынын туусу жана эмблемасы жөнүндө" токтому.
8. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.
9. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр
С. Жээнбеков
Тиркеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматты жоюу комиссиясынын КУРАМЫ
Эрматов Сейитбек Таштанович
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасынын милдетин аткаруучу, комиссиянын төрагасы.
Комиссиянын мүчөлөрү:
Алтыбаев Руслан Маматкаримович
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасынын орун басары, комиссиянын төрагасынын орун басары;
Иманбеков Руслан Таштанович
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматтын штабынын начальниги;
Толобаев Октябрь Жумабекович
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматтын Ыкчам-иликтөө башкы башкармалыгынын начальниги;
Толобаев Кубанычбек Орозбекович
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматтын Ыкчам-издөө башкы башкармалыгынын начальниги;
Абдыбеков Урмат Насыпбекович
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматтын тергөө башкармалыгынын начальниги;
Калиев Болоткан Бексыргаевич
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматтын финансы-чарба башкармалыгынын начальниги;
Омурова Нургуль Абдарановна
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматтын кадрлар бөлүмүнүн начальниги;
Курманалиев Сагындык Доктурбекович
-
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматтын эл аралык-укуктук бөлүмүнүн начальниги;
Самратов Бакыт Курамаевич
-
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Башкы тергөө башкармалыгынын начальнигинин орун басары;
Курманбеков Алмазбек Улукбекович
-
Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин коргоо жана укуктук тартип бөлүмүнүн башчысы;
Кадыров Сейитбек Мавлянкулович
-
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкери;
Исаков Тимур Аспекович
-
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Дары-дармек менен камсыздоо жана медициналык техника департаментинин консультанты;
Абжалилов Жыргал Исмаилович
-
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Кадрлар башкы башкармалыгынын инспектору;
Уметалиев Рыспек Сейдакматович
-
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын ага ыкчам өкүлү;
Атабеков Бактыбек Атабекович
-
Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Финансы-чарбалык камсыздоо башкы башкармалыгынын башкы инспектору.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 9 · цитата келтиргендер: 10 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (10)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын…Постановление · 15.11.2021 · № 264
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 168 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 30.03.2015 · № 168
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-сентябрындагы № 470 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн баңгизаттарды контролдоо чөйрөсүндөгү айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 04.09.2020 · № 470
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 132 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматтын маселелери боюнча" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 132 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 20-апрели №276 "Кыргыз Республикасынын Баңгизаттарды контролдоо боюнча агентствосунун туусу жана эмблемасы жөнүндө" токтомуПостановление · 20.04.2004 · № 276 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын…Постановление · 22.08.2011 · № 473 · Күчүн жоготкон
- "ОСНОВНЫЕ НАПРАВЛЕНИЯ фискальной политики Кыргызской Республики на 2019-2021 годы" Утверждены постановлением Правительства Кыргызской Республики от 23 августа 2018 года № 397Направления · 23.08.2018 · № 397 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 4-сентябрындагы №470 токтомуПостановление · 04.09.2020 · № 470
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 16-июлундагы № 397 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 16.07.2014 · № 397 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 9-январындагы № 6 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 132 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо…Постановление · 09.01.2014 · № 6 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (9)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 264 "Кыргыз Республикасынын аткаруу бийлигинин мамлекеттик органдарынын жана Кыргыз Республикасынын…Постановление · 15.11.2021 · № 264
- КР Президентинин 2016-жылдын 18-июлундагы ПЖ № 161 "Кыргыз Республикасынын укук коргоо органдарынын системасын реформалоо боюнча чаралар жөнүндө" ЖарлыгыУказ · 18.07.2016 · № 161
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 168 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 30.03.2015 · № 168
- КР Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 132 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо боюнча мамлекеттик кызматтын маселелери боюнча" токтомуПостановление · 20.02.2012 · № 132 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 20-апрели №276 "Кыргыз Республикасынын Баңгизаттарды контролдоо боюнча агентствосунун туусу жана эмблемасы жөнүндө" токтомуПостановление · 20.04.2004 · № 276 · Күчүн жоготкон
- КР Ɵкмɵтүнүн 2011-жылдын 22-августундагы № 473 "Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, администрациялык ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын штаттык санынын…Постановление · 22.08.2011 · № 473 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 16-июлундагы № 397 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомуПостановление · 16.07.2014 · № 397 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 9-январындагы № 6 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-февралындагы № 132 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Баңгизаттарды контролдоо…Постановление · 09.01.2014 · № 6 · Күчүн жоготкон