# КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-ноябрындагы № 616 "Социалдык маанилүү объект жөнүндө келишим түзүү тууралуу кабарламанын формасын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-ноябрындагы № 616 "Социалдык маанилүү объект жөнүндө келишим түзүү тууралуу кабарламанын формасын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 616
- Кабыл алынган күнү: 23.11.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 30.04.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/99548>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19473/edition/1228379/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/99548.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 30.04.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-ноябрындагы № 616 "Социалдык маанилүү объект жөнүндө келишим түзүү тууралуу кабарламанын формасын бекитүү жөнүндө" токтому (30.04.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/99548

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-апрелиндеги № 236 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 23-ноябры № 616 Социалдык маанилүү объект жөнүндө келишим түзүү тууралуу кабарламанын формасын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 256-3-беренесинин ченемдерин ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- социалдык маанилүү объект жөнүндө келишим түзүү тууралуу кабарламанын формасы (UVEDOMLENIE STI-001) 1-тиркемеге ылайык;

- социалдык маанилүү объект жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүү тууралуу кабарламанын формасы (UVEDOMLENIE STI-002) 2-тиркемеге ылайык.

2. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана расмий жарыяланган айдан кийинки айдын 1инен тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

С. Жээнбеков

1-тиркеме Социалдык маанилүү объект жөнүндө келишим тууралуу КАБАРЛАМА Кагаз түрүндөгүсү КР Юстиция министрлигинин архивинде

2-тиркеме Социалдык маанилүү объект жөнүндө келишимге өзгөртүүлөрдү жана/же толуктоолорду киргизүү тууралуу КАБАРЛАМА Кагаз түрүндөгүсү КР Юстиция министрлигинин архивинде
