Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-декабрындагы № 687 „Депозиттерди коргоо фондусуна төгүмдөрдү эсептөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу“ токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 23-ноябры № 613 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-декабрындагы № 687 "Депозиттерди коргоо фондусуна төгүмдөрдү эсептөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин "Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-декабрындагы № 687 "Депозиттерди коргоо фондусуна төгүмдөрдү эсептөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Депозиттерди коргоо фондусуна төгүмдөрдү эсептөө тартиби жөнүндө жободо:
- 1.2-пунктундагы "баштапкы," деген сөз алып салынсын;
- 2.1-пункттун үчүнчү абзацы күчүн жоготту деп таанылсын;
- 2.6-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- 2.7-пунктундагы "баштапкы" деген сөз алып салынсын;
- 2.12-пунктундагы "15 пайызына" деген цифралар жана сөз "12 пайызына" деген цифралар жана сөз менен алмаштырылсын;
- 2.13-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
- 2.16-пунктундагы "Алгачкы жана" деген сөздөр алып салынсын;
- 2.17-пунктунда:
биринчи абзац "милдеттенмелердин" деген сөздөн мурда "учурдагы" деген сөз менен толукталсын; 2-пунктчасындагы "50 пайызынан" деген цифралар жана сөз "суммасынан" деген сөз менен алмаштырылсын;
- Депозиттерди коргоо фондусуна төгүмдөрдү эсептөө тартиби жөнүндө жобонун тиркемесинин биринчи абзацындагы "баштапкы/" деген сөз алып салынсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министр
C. Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-декабрындагы №687 "Депозиттерди коргоо фондусуна төгүмдөрдү эсептөө тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуПостановление · 11.12.2008 · № 687
- Банктык аманаттарды (депозиттерди) коргоо жөнүндөЗакон · 07.05.2008 · № 78
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон