# КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-ноябрындагы № 611 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-октябрындагы № 611 "Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу системасынын борбордук органын реформалоо жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-ноябрындагы № 611 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-октябрындагы № 611 "Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу системасынын борбордук органын реформалоо жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 611
- Кабыл алынган күнү: 23.11.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 21.06.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/99543>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19468/edition/1067714/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/99543.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.06.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-ноябрындагы № 611 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-октябрындагы № 611 "Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу системасынын борбордук органын реформалоо жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому (21.06.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/99543

---

КР Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 21-июнундагы № 33 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 23-ноябры № 611 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-октябрындагы № 611 "Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу системасынын борбордук органын реформалоо жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу "Жазык-аткаруу (пенитенциардык) тутумунун органдары жана мекемелери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 4-октябрындагы № 611 "Кыргыз Республикасынын Жазык-аткаруу системасынын борбордук органын реформалоо жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын Түзөтүү мекемелерин кайтаруу, соттолгондорду жана камакка алынган адамдарды конвой менен коштоп жүрүү боюнча департаменти жөнүндө жободо:

4-пункттун "в" пунктчасы "пункттарга" деген сөздөн кийин ", ошондой эле Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерин аткарууда аларды экстрадициялоо учурунда;" деген сөздөр менен толукталсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

С. Жээнбеков
