# КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-ноябрындагы № 608 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-ноябрындагы № 608 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 608
- Кабыл алынган күнү: 23.11.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 05.11.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/99539>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19465/edition/905907/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/99539.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.11.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 23-ноябрындагы № 608 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (05.11.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/99539

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 5-ноябрындагы № 719 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 23-ноябры № 608 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-сентябрындагы № 417 токтомунун редакциясына ылайык) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин "Кыргыз Республикасындагы лицензиялык-уруксат берүү тутуму жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына шайкеш келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 5-августундагы № 500 "Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу уюмдарынын камсыздандыруу (техникалык) резервдерине чегерүүлөрдүн нормативдерин эсептөөнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын камсыздандыруу уюмдарынын камсыздандыруу (техникалык) резервдерине чегерүүлөрдүн нормативдерин эсептөөнүн тартиби жөнүндө жободо:

- 1-пунктунун экинчи абзацындагы "уруксат берүүчү документинин" деген сөздөр "лицензиясынын" деген сөз менен алмаштырылсын.

2. (КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 4-сентябрындагы № 417 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

С. Жээнбеков
