# КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 587 "Эксплуатацияда турган транспорт каражаттарынын конструкциясына өзгөртүү киргизилген учурда аларды кайра жабдуунун эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 587 "Эксплуатацияда турган транспорт каражаттарынын конструкциясына өзгөртүү киргизилген учурда аларды кайра жабдуунун эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 587
- Кабыл алынган күнү: 15.11.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/99521>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/99521/edition/757133/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/99521.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 587 "Эксплуатацияда турган транспорт каражаттарынын конструкциясына өзгөртүү киргизилген учурда аларды кайра жабдуунун эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому (24.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/99521

---

КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 24-июлундагы № 508 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 15-ноябры № 587 Эксплуатацияда турган транспорт каражаттарынын конструкциясына өзгөртүү киргизилген учурда аларды кайра жабдуунун эрежелерин бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын техникалык жөнгө салуу чөйрөсүндөгү мыйзамдарын Евразия экономикалык бирлигинин 2016-жылдын 26-январындагы "Кыргыз Республикасында Бажы бирлигинин техникалык регламенттерин ишке киргизүүнүн тартиби жөнүндө" чечимине шайкеш келтирүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Эксплуатацияда турган транспорт каражаттарынын конструкциясына өзгөртүү киргизилген учурда аларды кайра жабдуунун эрежелери тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын коргоо, укуктук тартип жана өзгөчө кырдаалдар бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

| Премьер-министр | С. Жээнбеков |
