# КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 588 "Джидда шаарында 2016-жылдын 25-майында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сауд Аравия Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Кылмыштуулук менен күрөшүү чөйрөсүндөгү кызматташуу жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 588 "Джидда шаарында 2016-жылдын 25-майында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сауд Аравия Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Кылмыштуулук менен күрөшүү чөйрөсүндөгү кызматташуу жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 588
- Кабыл алынган күнү: 15.11.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.11.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/99519>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19449/edition/757129/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/99519.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 588 "Джидда шаарында 2016-жылдын 25-майында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сауд Аравия Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Кылмыштуулук менен күрөшүү чөйрөсүндөгү кызматташуу жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу" токтому (15.11.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/99519

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 15-ноябры № 588 Джидда шаарында 2016-жылдын 25-майында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сауд Аравия Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Кылмыштуулук менен күрөшүү чөйрөсүндөгү кызматташуу жөнүндө макулдашууну бекитүү тууралуу Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында, “Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Джидда шаарында 2016-жылдын 25-майында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Сауд Аравия Королдугунун Өкмөтүнүн ортосундагы Кылмыштуулук менен күрөшүү чөйрөсүндөгү кызматташуу жөнүндө тиркелген макулдашуу бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жогоруда аталган Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Сауд Аравия Королдугуна кабарласын.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

С. Жээнбеков
