# КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 581 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы № 958 "Мамлекеттик тилди өнүктүрүү үчүн уюштуруучулук жана материалдык-техникалык шарттарды түзүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 581 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы № 958 "Мамлекеттик тилди өнүктүрүү үчүн уюштуруучулук жана материалдык-техникалык шарттарды түзүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 581
- Кабыл алынган күнү: 29.11.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.01.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/99518>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19448/edition/1257629/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/99518.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.01.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 581 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы № 958 "Мамлекеттик тилди өнүктүрүү үчүн уюштуруучулук жана материалдык-техникалык шарттарды түзүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" токтому (13.01.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/99518

---

КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 15-ноябры № 581 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы № 958 "Мамлекеттик тилди өнүктүрүү үчүн уюштуруучулук жана материалдык-техникалык шарттарды түзүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 28-декабрындагы № 958 "Мамлекеттик тилди өнүктүрүү үчүн уюштуруучулук жана материалдык-техникалык шарттарды түзүү боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

1-пунктунун төртүнчү абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: "- штаттык ырааттамага кызматкер бирдигин ага мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана мамлекеттик тилдеги документтерге лингвистикалык экспертиза жүргүзүү боюнча милдеттерди жүктөө менен киргизүү боюнча (Кыргыз Республикасынын министрликтеринин, административдик ведомстволорунун жана башка мамлекеттик органдарынын бекитилген штаттык санынын жана эмгек акы фондусунун чегинде).".

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

С. Жээнбеков
