# КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 579 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 579 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 579
- Кабыл алынган күнү: 15.11.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.11.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/99516>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19446/edition/757123/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/99516.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.11.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 579 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" токтому (15.11.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/99516

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 15-ноябры № 579 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимдерин Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген бажы иши чөйрөсүндөгү эл аралык келишимдерге шайкеш келтирүү максатында, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-июнундагы № 453 "Жүктүн бажы декларациясын толтуруу тартиби жөнүндө нускаманы жана Транзиттик декларацияны толтуруу тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 27-сентябрындагы № 659 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-июнундагы № 453 "Жүктүн бажы декларациясын толтуруу тартиби жөнүндө нускаманы жана Транзиттик декларацияны толтуруу тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-февралындагы № 63 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 17-июлундагы № 400 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 28-июнундагы № 453 "Жүктүн бажы декларациясын толтуруу тартиби жөнүндө нускаманы жана Транзиттик декларацияны толтуруу тартиби жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 10-августундагы № 564 "Кыргыз Республикасында бажылык жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 95, 101, 102, 105, 128, 135, 148, 153, 157, 158, 163, 176, 180, 213, 229, 232-беренелеринин талаптарын ишке ашыруу боюнча чаралар жөнүндө" токтомунун 2-пунктундагы отуз экинчи абзацы.

Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

С. Жээнбеков
