# КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 25-октябрындагы № 565 ""Жарым-жартылай стационардык уюмдарда жана социалдык тейлөө мекемелеринде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга, анын ичинде балдарга көрсөтүлүүчү социалдык кызматтардын мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 8-июлундагы № 381 токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө2 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 25-октябрындагы № 565 ""Жарым-жартылай стационардык уюмдарда жана социалдык тейлөө мекемелеринде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга, анын ичинде балдарга көрсөтүлүүчү социалдык кызматтардын мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 8-июлундагы № 381 токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө2 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 565
- Кабыл алынган күнү: 25.10.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 25.10.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/99508>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19442/edition/757109/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/99508.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.10.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 25-октябрындагы № 565 ""Жарым-жартылай стационардык уюмдарда жана социалдык тейлөө мекемелеринде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга, анын ичинде балдарга көрсөтүлүүчү социалдык кызматтардын мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 8-июлундагы № 381 токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө2 токтому (25.10.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/99508

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 25-октябры № 565 "Жарым-жартылай стационардык уюмдарда жана социалдык тейлөө мекемелеринде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга, анын ичинде балдарга көрсөтүлүүчү социалдык кызматтардын мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 8-июлундагы № 381 токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын 10- жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жарым-туруктуу уюмдар жана коомдук тейлөө мекемелеринин, балдардын, анын ичинде коомдук тейлөө ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга берилүүчү мамлекеттик минималдуу коомдук стандарттарды, жакшыртуу үчүн ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Жарым-жартылай стационардык уюмдарда жана социалдык тейлөө мекемелеринде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга, анын ичинде балдарга көрсөтүлүүчү социалдык кызматтардын мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 8-июлундагы № 381 токтомуна төмөндөгүдөй толуктоолор киргизилсин:

- 2-пунктта "Социалдык өнүгүү" деген сөздүн алдында "Эмгек жана" деген сөздөр менен толукталсын;

Жарым-жартылай стационардык уюмдарда жана социалдык тейлөө мекемелеринде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга, анын ичинде балдарга көрсөтүлүүчү социалдык кызматтардын мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттары аталган токтом менен бекитилген:

- төмөнкүдөй мазмундагы бөлүм менен толукталсын:

"32-1. Тамак-ашка талаптар:

1) ысык тамак-ашка жана ичүүчү суу менен камсыз кылуу;

2) физиологиялык тамак-аш ченемдерин жетиштүү сандагы балансталган тамак-аш менен камсыз кылуусу ушул токтомдун 7-тиркемесинин негизинде жүргүзүлөт;

3) социалдык стандарттын 8-тиркемесине ылайык, чыгымдардын нормаларын азык-түлүк сатып алууга мамлекеттик жана муниципалдык жарым-жартылай стационардык уюмдарда жана социалдык тейлөө мекемелеринде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген чоңдор жана балдар үчүн камсыз кылуу.";

- 1- жана 2-тиркемелерине ылайык кошумча 7- жана 8-тиркемелер менен толукталсын.

2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күндүн ичинде күчүнө кирет.

Премьер-министр

С. Жээнбеков

"1-тиркеме

Жарым-жартылай стационардык уюмдарда жана социалдык тейлөө мекемелеринде ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, анын ичинде балдарга көрсөтүлүүчү социалдык кызматтардын мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттарына 7-тиркеме

2016-жылдын "\_\_" \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

Жарым-жартылай стационардык уюмдарда жана социалдык тейлөө мекемелеринде (күндүз болуучу мекемелери, реабилитациялык борборлор) социалдык кызмат алган балдарга жана чоңдорго ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга ФИЗИОЛОГИЯЛЫК ТАМАК-АШ ЧЕНЕМДЕРИ

№

Азык-түлүктүн аталышы

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарга Нормасы (грамм)

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү чоңдорго Нормасы (грамм)

1

Буудай наны

150

150

2

Кара буудай наны

150

150

3

Буудай уну

100

100

4

Акшак (макарон азыктары, күрүч, сечка, гречка, перловка, буурчак өсүмдөрү, төө буурчак)

100

100

5

Картөшкө

400

400

6

Жалпы жашылча, анын ичинде:

7

- кызылча

140

140

8

- сабиз

80

80

9

- капуста

240

240

10

- пияз

60

60

11

- сарымсак

6

6

12

Башка жашылчалар, анын ичинде: помидор, бадыраң

200

200

13

Жемиштер жана жаңы мөмөлөр

140

140

14

Кургатылган мөмөлөр

50

50

15

Ширелердин түрү

200

200

16

Печенье

80

80

17

Конфет

80

80

18

Чай

2

2

19

Эт

100

100

20

Окорочка, канаттуулар

100

100

21

Сүт

200

200

22

Жумшак быштак

50

50

23

Томат пастасы

5

5

24

Жумшак май бутербродко

20

20

25

Каймак

15

15

26

Маргарин

10

10

27

Майонез

30

30

28

Малдын майы

2

2

29

Сыр

10

10

30

Шекер

20

20

31

Туз

3

3

32

Деңиз тамак-аш, балык

100

100

33

Жумуртка (даана)

1

1

34

Өсүмдүк майы

20

20

35

Варенье, джем, повидло

25

25

36

Кофе

2

37

Жашылча аралашмасы

18

18

38

Колбаса ашы, сосиска

100

100

39

Соус үчүн ун

10

40

Ачыткы(\*)

41

Туздалган помидор, бадыраң

10

42

Фарш

100

100

Эскертүү:

- эт менен жасалуучу тамак-аш балык азыктары менен алмаштырылып турат;

- кыш мезгилинде негизинен кургатылган мөмө-жемиштер колдонулат (ширелер үчүн);

- сүт азыктары кезектелип берилет (сүт, каймак, быштак, сыр).

(\*) 8 кг ун 0,020 гр ачыткы.".

"2-тиркеме

Жарым-жартылай стационардык уюмдарда жана социалдык тейлөө мекемелеринде ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, анын ичинде балдарга көрсөтүлүүчү социалдык кызматтардын мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттарына 8-тиркеме

2016-жылдын "\_\_" \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

Жарым-жартылай стационардык уюмдарда жана социалдык тейлөө мекемелеринде азык-түлүк сатып алууга мамлекеттик жана муниципалдык чыгымдардын НОРМАЛАРЫ

Категориялар

Өлчөө бирдиги

Суммасы

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарга

Бир күндө бир адамга

50 сомдон 100 сомго чейин

Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү чоңдорго

Бир күндө бир адамга

50 сомдон 100 сомго чейин

Эскертүү: азык-түлүк сатып алуу ченем чыгымдары (суммасы) коммерциялык эмес уюмдар жана социалдык тейлөө мекемелерине жайылтылбайт.".
