Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «»Жарым-жартылай стационардык уюмдарда жана социалдык тейлөө мекемелеринде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга, анын ичинде балдарга көрсөтүлүүчү социалдык кызматтардын мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттарын бекитүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө2 токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 25-октябры № 565 "Жарым-жартылай стационардык уюмдарда жана социалдык тейлөө мекемелеринде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга, анын ичинде балдарга көрсөтүлүүчү социалдык кызматтардын мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 8-июлундагы № 381 токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын 10- жана 17-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө жарым-туруктуу уюмдар жана коомдук тейлөө мекемелеринин, балдардын, анын ичинде коомдук тейлөө ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга берилүүчү мамлекеттик минималдуу коомдук стандарттарды, жакшыртуу үчүн ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. "Жарым-жартылай стационардык уюмдарда жана социалдык тейлөө мекемелеринде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга, анын ичинде балдарга көрсөтүлүүчү социалдык кызматтардын мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 8-июлундагы № 381 токтомуна төмөндөгүдөй толуктоолор киргизилсин:
- 2-пунктта "Социалдык өнүгүү" деген сөздүн алдында "Эмгек жана" деген сөздөр менен толукталсын;
Жарым-жартылай стационардык уюмдарда жана социалдык тейлөө мекемелеринде ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга, анын ичинде балдарга көрсөтүлүүчү социалдык кызматтардын мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттары аталган токтом менен бекитилген:
- төмөнкүдөй мазмундагы бөлүм менен толукталсын:
"32-1. Тамак-ашка талаптар:
1) ысык тамак-ашка жана ичүүчү суу менен камсыз кылуу;
2) физиологиялык тамак-аш ченемдерин жетиштүү сандагы балансталган тамак-аш менен камсыз кылуусу ушул токтомдун 7-тиркемесинин негизинде жүргүзүлөт;
3) социалдык стандарттын 8-тиркемесине ылайык, чыгымдардын нормаларын азык-түлүк сатып алууга мамлекеттик жана муниципалдык жарым-жартылай стационардык уюмдарда жана социалдык тейлөө мекемелеринде ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген чоңдор жана балдар үчүн камсыз кылуу.";
- 1- жана 2-тиркемелерине ылайык кошумча 7- жана 8-тиркемелер менен толукталсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Социалдык өнүктүрүү бөлүмүнө жүктөлсүн.
3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күндүн ичинде күчүнө кирет.
Премьер-министр
С. Жээнбеков
"1-тиркеме
Жарым-жартылай стационардык уюмдарда жана социалдык тейлөө мекемелеринде ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, анын ичинде балдарга көрсөтүлүүчү социалдык кызматтардын мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттарына 7-тиркеме
2016-жылдын "__" ___________
Жарым-жартылай стационардык уюмдарда жана социалдык тейлөө мекемелеринде (күндүз болуучу мекемелери, реабилитациялык борборлор) социалдык кызмат алган балдарга жана чоңдорго ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга ФИЗИОЛОГИЯЛЫК ТАМАК-АШ ЧЕНЕМДЕРИ
№
Азык-түлүктүн аталышы
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарга Нормасы (грамм)
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү чоңдорго Нормасы (грамм)
1
Буудай наны
150
150
2
Кара буудай наны
150
150
3
Буудай уну
100
100
4
Акшак (макарон азыктары, күрүч, сечка, гречка, перловка, буурчак өсүмдөрү, төө буурчак)
100
100
5
Картөшкө
400
400
6
Жалпы жашылча, анын ичинде:
7
- кызылча
140
140
8
- сабиз
80
80
9
- капуста
240
240
10
- пияз
60
60
11
- сарымсак
6
6
12
Башка жашылчалар, анын ичинде: помидор, бадыраң
200
200
13
Жемиштер жана жаңы мөмөлөр
140
140
14
Кургатылган мөмөлөр
50
50
15
Ширелердин түрү
200
200
16
Печенье
80
80
17
Конфет
80
80
18
Чай
2
2
19
Эт
100
100
20
Окорочка, канаттуулар
100
100
21
Сүт
200
200
22
Жумшак быштак
50
50
23
Томат пастасы
5
5
24
Жумшак май бутербродко
20
20
25
Каймак
15
15
26
Маргарин
10
10
27
Майонез
30
30
28
Малдын майы
2
2
29
Сыр
10
10
30
Шекер
20
20
31
Туз
3
3
32
Деңиз тамак-аш, балык
100
100
33
Жумуртка (даана)
1
1
34
Өсүмдүк майы
20
20
35
Варенье, джем, повидло
25
25
36
Кофе
2
37
Жашылча аралашмасы
18
18
38
Колбаса ашы, сосиска
100
100
39
Соус үчүн ун
10
40
Ачыткы(*)
41
Туздалган помидор, бадыраң
10
42
Фарш
100
100
Эскертүү:
- эт менен жасалуучу тамак-аш балык азыктары менен алмаштырылып турат;
- кыш мезгилинде негизинен кургатылган мөмө-жемиштер колдонулат (ширелер үчүн);
- сүт азыктары кезектелип берилет (сүт, каймак, быштак, сыр).
(*) 8 кг ун 0,020 гр ачыткы.".
"2-тиркеме
Жарым-жартылай стационардык уюмдарда жана социалдык тейлөө мекемелеринде ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, анын ичинде балдарга көрсөтүлүүчү социалдык кызматтардын мамлекеттик минималдуу социалдык стандарттарына 8-тиркеме
2016-жылдын "__" ___________
Жарым-жартылай стационардык уюмдарда жана социалдык тейлөө мекемелеринде азык-түлүк сатып алууга мамлекеттик жана муниципалдык чыгымдардын НОРМАЛАРЫ
Категориялар
Өлчөө бирдиги
Суммасы
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарга
Бир күндө бир адамга
50 сомдон 100 сомго чейин
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү чоңдорго
Бир күндө бир адамга
50 сомдон 100 сомго чейин
Эскертүү: азык-түлүк сатып алуу ченем чыгымдары (суммасы) коммерциялык эмес уюмдар жана социалдык тейлөө мекемелерине жайылтылбайт.".
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 2 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (2)
- "Жарым-жартылай стационардык уюмдарда жана социалдык тейлөө мекемелеринде ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, анын ичинде балдарга көрсөтүлүүчү социалдык кызматтардын…Стандарт · 08.07.2014 · № 381
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 8-июлундагы № 381 "Жарым-жартылай стационардык уюмдарда жана социалдык тейлөө мекемелеринде ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, анын ичинде…Постановление · 08.07.2014 · № 381
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 8-июлундагы № 381 "Жарым-жартылай стационардык уюмдарда жана социалдык тейлөө мекемелеринде ден соолук мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга, анын ичинде…Постановление · 08.07.2014 · № 381
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- "Уюмдун бирдиктүү салык декларациясын толтуруу тартиби (FORM STI-101)" (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 2-майындагы № 244 токтому менен бекитилгенПорядок · 02.05.2014 · № 244 · Күчүн жоготкон