# 6-статья. Мамлекеттик жөнгө салуунун принциптери

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/995)
- Толук аталышы: КР 2002-жылдын 20-мартындагы № 40 "Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 40
- Кабыл алынган күнү: 20.03.2002
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.03.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 24 апреля 2013 года № 58 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О внутренней торговле в Кыргызской Республике""](https://aqlex.ai/kg/doc/203865)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/995#diff=1235068..1235069>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/995/st-6>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-945/edition/1235067/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/995/st-6.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндө, 6-статья (15.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/995/st-6

---

Соода ишин мамлекеттик жөнгө салуунун принциптери төмөнкүлөр болуп саналат:

1) соода ишин жүргүзүү процессинде соода ишинин субъекттеринин теңдештигин жана атаандаштыгын өнүктүрүүнү камсыз кылуу;

2) аткаруу бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен ишкерлердин ортосундагы өнөктөштүк мамилелерди түзүү, ошондой эле аларды аймактын экономикалык жана социалдык маселелерин чечүүгө тартуу;

3) ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана соода иши жөнүндө мыйзамдарды жакшыртуу үчүн соода ишинин субъекттерин (алардын бирикмелерин) ишке тартуу;

4) (КР 2013-жылдын 24-апрелиндеги № 58 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

5) (КР 2013-жылдын 24-апрелиндеги № 58 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

6) ошол региондун аймагында мамлекеттик жөнгө салууну жүзөгө ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган чектерде жана тартипте жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ыйгарым укуктарды берүү.

(КР 2013-жылдын 24-апрелиндеги № 58 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [5-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/995/st-5)  
Кийинки берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/995/st-7)
