# 2-статья. Ушул Мыйзамда колдонулуучу негизги терминдер

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/995)
- Толук аталышы: КР 2002-жылдын 20-мартындагы № 40 "Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 40
- Кабыл алынган күнү: 20.03.2002
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.03.2023
- Акыркы өзгөртүү: [ЗАКОН Кыргызской Республики от 15 марта 2023 года № 58 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Закон Кыргызской Республики "О внутренней торговле в Кыргызской Республике", Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112541)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 15.03.2023 [ЗАКОН Кыргызской Республики от 15 марта 2023 года № 58 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Закон Кыргызской Республики "О внутренней торговле в Кыргызской Республике", Кодекс Кыргызской Республики о правонарушениях)"](https://aqlex.ai/kg/doc/112541); 13.08.2015 [Закон КР от 13 августа 2015 года № 225 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111269); 24.04.2013 [Закон КР от 24 апреля 2013 года № 58 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О внутренней торговле в Кыргызской Республике""](https://aqlex.ai/kg/doc/203865)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/995#diff=1235071..1235072>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/995/st-2>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-945/edition/1235067/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/995/st-2.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндө, 2-статья (15.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/995/st-2

---

Ушул Мыйзамдын максаттары үчүн төмөнкүдөй терминдер пайдаланылат: соода иши (соода) - товарларды сатып алууга жана сатууга байланышкан ишкердик иштин түрү; товар - сатуу же алмаштыруу үчүн арналган жүгүртүүдөн алып салынбаган эмгектин кандай болбосун продуктусу; соода ишинин субъекттери - белгиленген тартипте катталган жана өз ишин соода чөйрөсүндө жүзөгө ашыруучу жеке жана юридикалык жактар, ошондой эле эгерде соода чөйрөсүндө ишкердик иш жүргүзүү алардын уставында бекитилсе коммерциялык эмес уюмдар; соода объекти (соода ишканасы) - соода чөйрөсүндө ишкердик ишти жүзөгө ашыруу үчүн соода ишинин субъекттери тарабынан пайдаланылуучу мүлктүк комплекс, ошондой эле башка мүлк; ички соода (ички соода иши) - Кыргыз Республикасынын аймагында жүзөгө ашырылуучу соода иши; социалдык мааниге ээ соода иши - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жарандардын социалдык жактан алсыз категорияларынын керектөөлөрүн канааттандырууга багытталган соода ишинин түрү; социалдык мааниге ээ азык-түлүк товарлары - тизмеги Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан бекитилген, калктын биринчи даражадагы керектөөлөрүн канааттандыруучу үчүн тамак-аштын базалык продуктулары; бааларды мамлекеттик жөнгө салуу - мамлекеттик бийлик органдары тарабынан бааны (тарифтерди), бааларга (тарифтерге) үстөктөрдү, максималдуу же минималдуу бааларды (тарифтерди), бааларга максималдуу же минималдуу үстөктөрдү белгилөө; азык-түлүк товарлары - жүгүртүүдө болгон жана адам тамак-ашка колдонуучу табигый же кайра иштетилген түрдөгү тамак-аш продуктулары (тамак-аш азыктары); товар өндүрүүчү (даярдоочу) - менчигинин түрүнө карабай, керектөөчүлөргө сатуу үчүн товар өндүрүүчү уюм, ошондой эле жеке ишкер; соода түйүнү - "Атаандаштык жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык чарба жүргүзүүчү субъектиге же жактардын бир тобуна кирген бир нече чарба жүргүзүүчү субъекттерге мыйзамдуу негизде таандык болгон эки жана андан ашык соода объекттеринин жыйындысы же бирдиктүү коммерциялык белгинин же башка жекелештирүү каражатынын алдында пайдаланылуучу эки жана андан ашык соода объекттеринин жыйындысы; товарларды өткөрүү боюнча кызмат көрсөтүүлөр - азык-түлүк товарларын өткөрүү, анын ичинде азык-түлүк товарларын жарнамалоо аркылуу, аларды атайын коюуну жүзөгө ашыруу, мындай товарлар жөнүндө маалыматты камтыган отчетторду даярдоо же болбосо азык-түлүк товарларын өткөрүүгө багытталган башка ишти жүзөгө ашыруу аркылуу өткөрүү максатында азык-түлүк товарларын соода түйүндөрүнө берүүнү жүзөгө ашырып жаткан субъекттерге берилүүчү кызмат көрсөтүүлөр. (КР 2013-жылдын 24-апрелиндеги № 58, 2015-жылдын 13-августундагы № 225, 2023-жылдын 15-мартындагы № 58 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [1-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/995/st-1)  
Кийинки берене: [3-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/995/st-3)
