# 11-статья. Социалдык мааниге ээ соода иши жана жарандардын айрым категорияларын коргоо

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/995)
- Толук аталышы: КР 2002-жылдын 20-мартындагы № 40 "Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 40
- Кабыл алынган күнү: 20.03.2002
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 15.03.2023
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 13 августа 2015 года № 225 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111269)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 13.08.2015 [Закон КР от 13 августа 2015 года № 225 "О внесении изменений и дополнений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/111269); 21.01.2015 [Закон КР от 21 января 2015 года № 22 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/205450); 24.04.2013 [Закон КР от 24 апреля 2013 года № 58 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О внутренней торговле в Кыргызской Республике""](https://aqlex.ai/kg/doc/203865)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/995#diff=1235070..1235071>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/995/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-945/edition/1235067/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/995/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.03.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы ички соода жөнүндө, 11-статья (15.03.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/995/st-11

---

Социалдык жактан коргоо максатында жарандардын айрым категорияларына азык-түлүк жана азык-түлүк эмес товарларды сатып алууда жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен артыкчылыктар жана жеңилдиктер берилиши, кошумча кызматтар көрсөтүлүшү мүмкүн. Соода жагынан тейлөөдө берилүүчү жеңилдиктер менен артыкчылыктардын тизмеси, ошондой эле жарандардын айрым категорияларынын жана аларга көрсөтүлүүчү кызматтардын тизмеси жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аныкталат. Жарандардын социалдык жактан алсыз категорияларынын керектөөлөрүн канааттандыруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү социалдык мааниге ээ азык-түлүк товарларга бааларды 90 календардык күндөн ашпаган мөөнөткө мамлекеттик жөнгө салууну киргизет. Бир айдын ичинде баалар 20 жана андан ашуун пайызга өскөн шартта бааларды мамлекеттик жөнгө салуу киргизилет. Социалдык маанилүү товарлардын тизмегин жана бааларды мамлекеттик жөнгө салуу тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү белгилейт. (КР 2013-жылдын 24-апрелиндеги № 58, 2015-жылдын 21-январындагы № 22, 2015-жылдын 13-августундагы № 225 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/995/st-10)  
Кийинки берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/995/st-12)
