# КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-октябрындагы № 553 "Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин атайын эсеби жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-октябрындагы № 553 "Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин атайын эсеби жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 553
- Кабыл алынган күнү: 14.10.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.12.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/99494>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19431/edition/757081/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/99494.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.12.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 14-октябрындагы № 553 "Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин атайын эсеби жөнүндө" токтому (13.12.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/99494

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-декабрындагы № 675 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 14-октябры № 553 Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин атайын эсеби жөнүндө Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин материалдык-техникалык базасын жакшыртуу жана өнүктүрүү, кызматкерлердин натыйжалуу иштеши үчүн зарыл болгон шарттарды түзүү жана социалдык коргоону камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин атайын эсеби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Ушул токтом 2016-жылдын 1-августунан тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

С. Жээнбеков
