# КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-октябрындагы № 546 "Бириккен Улуттар Уюмунун климаттын өзгөрүшү жөнүндө Алкактык конвенциясы боюнча Кыргыз Республикасынын Үчүнчү улуттук билдирүүсүн жактыруу тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-октябрындагы № 546 "Бириккен Улуттар Уюмунун климаттын өзгөрүшү жөнүндө Алкактык конвенциясы боюнча Кыргыз Республикасынын Үчүнчү улуттук билдирүүсүн жактыруу тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 546
- Кабыл алынган күнү: 13.10.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.10.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/99490>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19428/edition/757075/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/99490.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.10.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-октябрындагы № 546 "Бириккен Улуттар Уюмунун климаттын өзгөрүшү жөнүндө Алкактык конвенциясы боюнча Кыргыз Республикасынын Үчүнчү улуттук билдирүүсүн жактыруу тууралуу" токтому (13.10.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/99490

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 13-октябры № 546 Бириккен Улуттар Уюмунун климаттын өзгөрүшү жөнүндө Алкактык конвенциясы боюнча Кыргыз Республикасынын Үчүнчү улуттук билдирүүсүн жактыруу тууралуу Кыргыз Республикасынын милдеттенмелерин аткарууну камсыздоо максатында, 1992-жылдын 9-майындагы Бириккен Улуттар Уюмунун климаттын өзгөрүшү жөнүндө Алкактык конвенциясынын 4-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Расмий тилде тиркелген Бириккен Улуттар Уюмунун климаттын өзгөрүшү жөнүндө Алкактык конвенциясы боюнча Кыргыз Республикасынын Үчүнчү улуттук билдирүүсү жактырылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен биргеликте Бириккен Улуттар Уюмунун климаттын өзгөрүшү жөнүндө Алкактык конвенциясы боюнча Кыргыз Республикасынын Үчүнчү улуттук билдирүүсүн Бириккен Улуттар Уюмунун климаттын өзгөрүшү жөнүндө Алкактык конвенциясынын Катчылыгына берүүнү камсыз кылсын.

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана экология бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр

С.Ш. Жээнбеков

Тиркеме Бириккен Улуттар Уюмунун климаттын өзгөрүшү жөнүндө Алкактык конвенциясы боюнча Кыргыз Республикасынын Үчүнчү улуттук билдирүүсүн жактыруу

(Мазмунунун кагаз түрүндөгү варианты Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинин архивинде сакталат)
