Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «»Бишкек шаарында 2016-жылдын 12-августунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (Инвестициялык климатты жакшыртуунун экинчи программасы - 2-чакан программа) ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө» токтому
Статусу аныкталган эмес
Бул документтин реестрде так статусу жок. Цитата келтирүүдөн мурун булакты текшериңиз.
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 13-октябры № 548 "Бишкек шаарында 2016-жылдын 12-августунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (Инвестициялык климатты жакшыртуунун экинчи программасы - 2-чакан программа) ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине жана 80-беренесинин 2-бөлүгүнө, "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 68-беренесине, "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкү тиркелгендер жактырылсын:
- "Бишкек шаарында 2016-жылдын 12-августунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (Инвестициялык климатты жакшыртуунун экинчи программасы - 2-чакан программа) ратификациялоо тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору тууралуу;
- Бишкек шаарында 2016-жылдын 12-августунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууга (Инвестициялык климатты жакшыртуунун экинчи программасы - 2-чакан программа) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу.
2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна киргизилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинен бул мыйзамдын долбоорун кечиктирилгис катары кезексиз тартипте кароо суралсын.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика министри аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
Премьер-министр
С. Жээнбеков
Долбоор КЫРГЫЗ РЕCПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ Бишкек шаарында 2016-жылдын 12-августунда кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (Инвестициялык климатты жакшыртуунун экинчи программасы - 2-чакан программа) ратификациялоо тууралуу 1-берене. Бишкек шаарында 2016-жылдын 12-августунда кол коюлган "Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашуу (Инвестициялык климатты жакшыртуунун экинчи программасы - 2-чакан программа) ратификациялансын. 2-берене. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги бул Макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорду Кыргыз Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Азия өнүктүрүү банкына белгиленген тартипте кабарласын. 3-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-октябрындагы № 548 токтому менен жактырылган
Бишкек шаарында 2016-жылдын 12-августунда кол коюлган "Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууга (Инвестициялык климатты жакшыртуунун экинчи программасы - 2-чакан программа) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн КОРУТУНДУСУ Бишкек шаарында 2016-жылдын 12-августунда кол коюлган "Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашуу (Инвестициялык климатты жакшыртуунун экинчи программасы - 2-чакан программа) Кыргыз Республикасынын Конституциясынын жана мыйзамдарынын ченемдерине шайкеш келет жана Кыргыз Республикасы катышкан, мыйзамда белгиленген тартипте күчүнө кирген эл аралык келишимдердин ченемдерине каршы келбейт. Инвестициялык климатты жакшыртуунун экинчи программасын - 2-чакан программаны ишке ашыруунун алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан финансыны терең билүүнү жана финансылык жеткиликтүүлүктү жогорулатуу; мамлекеттик жеке өнөктөштүктүн комплекстүү программасын өбөлгөлөө; инвестицияларды жана экспортту илгерилетүү; ошондой эле бизнести жүргүзүүнү жөнөкөйлөтүү сыяктуу багыттарда реформалар жүргүзүлгөн. 2-чакан программанын шарттары аткарылгандан кийин Азия өнүктүрүү банкы тарабынан бюджетти колдоого 25 млн. АКШ доллары өлчөмүндө финансы каражаттары берилет. Алардын ичинен 12,5 млн. АКШ доллары - кредиттик жана 12,5 млн. АКШ доллары - гранттык негизде берилет. Бул Программанын кредиттик бөлүгү Азия өнүктүрүү банкы койгон мөөнөттөрдө жана шарттарда берилет. Кредиттик каражаттарды төлөө республикалык бюджеттен финансы каражаттарын тартуу менен бул Макулдашуунун шарттарына ылайык ишке ашырылат. "Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11-беренесине ылайык оңдоолорду кабыл алуу жөнүндө корутунду ага кол коюлганга чейин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин профилдик комитеттери: Бюджет жана финансы боюнча комитети, Эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитети менен макулдашылган жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 10-августундагы № 365 буйругу менен жактырылган. Каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо кандайдыр бир социалдык, укуктук, укук коргоочулук, гендердик, экологиялык, коррупцияга каршы экспертизаларды жана коомдук угууларды жүргүзүүнү талап кылбайт.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндөЗакон · 24.04.2014 · № 64
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 10-августундагы № 365-б (Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашуунун долбоорун жактыруу тууралу) буйругуРаспоряжение · 10.08.2016 · № 365-р
- 2016-жылдын 12-августунда Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы Каржылоо жөнүндө макулдашууну (Инвестициялык климатты…Закон · 08.11.2016 · № 176
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 27.06.2010 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Регламенти жөнүндөЗакон · 25.11.2011 · № 223 · Күчүн жоготкон