# КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-октябрындагы № 545 ""Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-октябрындагы № 545 ""Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 545
- Кабыл алынган күнү: 13.10.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 13.01.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/99484>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19423/edition/1256607/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/99484.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.01.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-октябрындагы № 545 ""Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө" токтому (13.01.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/99484

---

КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 13-январындагы № 13 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 13-октябры № 545 "Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 79-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жактырылсын.

2. Аталган мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин кароосуна жиберилсин.

3. Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри бул мыйзамдын долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинде каралганда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

Премьер-министр

С. Жээнбеков

Долбоор КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ "Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу 1-берене. "Кыргыз Республикасынын азык-түлүк коопсуздугу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ("Эркин тоо" гезити, 2008-жылдын 8-августу, № 58) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

1) 1-беренеде:

- онунчу абзац "Азык-түлүк коопсуздугу" деген сөздөрдөн кийин "жана тамактануу" деген сөздөр менен толукталсын;

- төмөнкүдөй мазмундагы он биринчи абзац менен толукталсын:

"калктын туура тамактануусу - калктын ар кандай тобунун туура тамактанууга болгон керектөөлөрүн алардын салт-санааларын жана экономикалык абалын эске алуу менен канааттандырууну камсыздоочу шарттарды түзүүгө багытталган иш-чаралардын комплекси.";

2) 3-беренеде:

- 1-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:

"1. Азык-түлүк коопсуздугун камсыздоонун максаты - тамак-аш азыктарын керектөөнүн минималдык ченемдерине ылайык, алардын бар экендигине, жеткиликтүүлүгүнө жана коопсуздугуна негизделген, керектүү өлчөмдөгү тамак-аш азыктарына калктын жетишүүсү үчүн шарттарды түзүү, ошондой эле туура тамактануусу үчүн шарттарды түзүү.";

- 3-бөлүк "Азык-түлүк коопсуздугу" деген сөздөрдөн кийин "жана тамактануу" деген сөздөр менен толукталсын;

3) 5-берене төмөнкүдөй мазмундагы сегизинчи абзац менен толукталсын:

"- азык-түлүк кризиси шарттарында азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу жаатындагы көйгөйлөрдү чечүү максатында республикалык бюджеттен натыйжалуу жана жетиштүү каржылоого мүмкүндүк түзөт.";

4) 6-берене төмөнкүдөй мазмундагы 4-бөлүк менен толукталсын:

"4. Туура тамактанууну уюштуруу системасынын натыйжалуулугуна мониторинг жана талдоо жүргүзүү үчүн жоопкерчилик саламаттык сактоо жаатындагы ыйгарым укуктуу органга жүктөлөт.";

5) 8-берененин аталышындагы жана тексти боюнча ар кандай жөндөмөдөгү "Азык-түлүк коопсуздугу боюнча кеңеш" деген сөздөр тиешелүү жөндөмөдө "Азык-түлүк коопсуздугу жана тамактануу боюнча кеңеш" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2-берене. Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү үч айлык мөөнөттө ченемдик укуктук актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын Президенти
