# КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-октябрындагы № 544 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 27-майындагы № 336 "Кыргыз Республикасындагы рационализатордук сунуш жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-октябрындагы № 544 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 27-майындагы № 336 "Кыргыз Республикасындагы рационализатордук сунуш жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 544
- Кабыл алынган күнү: 13.10.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 13.10.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/99482>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19421/edition/757057/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/99482.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 13.10.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 13-октябрындагы № 544 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 27-майындагы № 336 "Кыргыз Республикасындагы рационализатордук сунуш жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө" токтому (13.10.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/99482

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 13-октябры № 544 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 27-майындагы № 336 "Кыргыз Республикасындагы рационализатордук сунуш жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 27-майындагы № 336 "Кыргыз Республикасындагы рационализатордук сунуш жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы рационализатордук сунуш жөнүндө жободо:

- 12-пункттун онунчу абзацындагы "ал чыгарылган күндөн тартып 5 күндүн ичинде авторго билдирилет" деген сөздөр менен цифра "ал чыгарылган күндөн тартып 3 жумуш күндүн ичинде авторго жиберилет же болбосо берилет." деген сөздөр жана цифра менен алмаштырылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министри

С. Жээнбеков
