Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 27-майындагы № 336 „Кыргыз Республикасындагы рационализатордук сунуш жөнүндө жобону бекитүү тууралуу“ токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө» токтому
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 13-октябры № 544 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 27-майындагы № 336 "Кыргыз Республикасындагы рационализатордук сунуш жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүү киргизүү жөнүндө "Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 27-майындагы № 336 "Кыргыз Республикасындагы рационализатордук сунуш жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы рационализатордук сунуш жөнүндө жободо:
- 12-пункттун онунчу абзацындагы "ал чыгарылган күндөн тартып 5 күндүн ичинде авторго билдирилет" деген сөздөр менен цифра "ал чыгарылган күндөн тартып 3 жумуш күндүн ичинде авторго жиберилет же болбосо берилет." деген сөздөр жана цифра менен алмаштырылсын.
2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Премьер-министри
С. Жээнбеков
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (3)
- Постановление Правительства КР от 27 мая 2002 года №336 "Об утверждении Положения о рационализаторском предложении в Кыргызской Республике"Постановление · 27.05.2002 · № 336
- Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндөЗакон · 31.07.2015 · № 210
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон