# КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-октябрындагы № 537 "Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу жана Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн товарларга контролдук баалардын минималдык деңгээлин аныктоонун, колдонуунун жана контролдоонун тартибин бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-октябрындагы № 537 "Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу жана Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн товарларга контролдук баалардын минималдык деңгээлин аныктоонун, колдонуунун жана контролдоонун тартибин бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 537
- Кабыл алынган күнү: 12.10.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 28.01.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/99473>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19413/edition/1128644/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/99473.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 12-октябрындагы № 537 "Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу жана Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн товарларга контролдук баалардын минималдык деңгээлин аныктоонун, колдонуунун жана контролдоонун тартибин бекитүү жөнүндө" токтому (28.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/99473

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-январындагы № 35 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 12-октябры № 537 Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу жана Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн товарларга контролдук баалардын минималдык деңгээлин аныктоонун, колдонуунун жана контролдоонун тартибин бекитүү жөнүндө Кыйыр салыктардын толук төлөнүшүн камсыздоо максатында, Кыргыз Республикасынын 2015-жылдын 21-майындагы № 111 Мыйзамы менен ратификацияланган 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 72-беренесине, Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин № 18 тиркемесинин 18-пунктуна, Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 120-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына импорттолуучу жана Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн товарларга контролдук баалардын минималдык деңгээлин аныктоонун, колдонуунун жана контролдоонун тартиби тиркемеге ылайык бекитилсин.

(КР Өкмөтүнүн 2020-жылдын 8-майындагы № 241 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 15-сентябрындагы № 530 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын аткаруу бийлигинин бир катар мамлекеттик органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй толуктоо киргизилсин:

- жогоруда аталган токтомдун 1-тиркемеси төмөнкүдөй мазмундагы 30-пункт менен толукталсын:

"30. Монополияга каршы жөнгө салуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, төмөнкүлөр боюнча:

1) контролдук баалардын минималдык деңгээли белгиленүүчү товарлардын тизмесин бекитүү;

2) контролдук баалардын минималдык деңгээлинин өлчөмүн белгилөө.".

3. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

"Эркин Тоо" газетасынын 2016-жылдын 21-октябрында № 90 жарыяланды

Премьер-министр

С. Жээнбеков
