# КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 6-октябрындагы № 532 "2016-2018-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын башкаруу стратегиясын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 6-октябрындагы № 532 "2016-2018-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын башкаруу стратегиясын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 532
- Кабыл алынган күнү: 06.10.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 05.02.2018
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/99466>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19408/edition/852829/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/99466.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.02.2018 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 6-октябрындагы № 532 "2016-2018-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын башкаруу стратегиясын бекитүү жөнүндө" токтому (05.02.2018 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/99466

---

КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-февралындагы № 79 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 6-октябры № 532 2016-2018-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын башкаруу стратегиясын бекитүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын натыйжалуу башкаруу, Кыргыз Республикасынын мамлекеттик баалуу кагаздар рыногун андан ары өнүктүрүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 2016-2018-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын башкаруу стратегиясы тиркемеге ылайык бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 29-июнундагы № 424 "2015-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызын башкаруу стратегиясы жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

С. Жээнбеков
