# КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-августундагы № 422 ""Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 25-апрелиндеги № 192 "Түстүү жана кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын чогултуунун, сатып алуунун, кайра иштетүүнүн жана сатуунун тартиби жөнүндө Убактылуу жобону бекитүү тууралуу" токтомун күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 195 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-августундагы № 422 ""Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 25-апрелиндеги № 192 "Түстүү жана кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын чогултуунун, сатып алуунун, кайра иштетүүнүн жана сатуунун тартиби жөнүндө Убактылуу жобону бекитүү тууралуу" токтомун күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 195 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 422
- Кабыл алынган күнү: 02.06.2016
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 02.06.2016
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/99461>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19403/edition/744176/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/99461.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.06.2016 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 1-августундагы № 422 ""Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 25-апрелиндеги № 192 "Түстүү жана кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын чогултуунун, сатып алуунун, кайра иштетүүнүн жана сатуунун тартиби жөнүндө Убактылуу жобону бекитүү тууралуу" токтомун күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 195 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому (02.06.2016 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/99461

---

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 1-августу № 422 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 25-апрелиндеги № 192 "Түстүү жана кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын чогултуунун, сатып алуунун, кайра иштетүүнүн жана сатуунун тартиби жөнүндө Убактылуу жобону бекитүү тууралуу" токтомун күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 195 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу "Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык, түстүү жана кара металлдардын сыныктарын жүгүртүүнү мамлекеттик жөнгө салуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 25-апрелиндеги № 192 "Түстүү жана кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын чогултуунун, сатып алуунун, кайра иштетүүнүн жана сатуунун тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу" токтомун күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 195 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- 2-пунктундагы "расмий жарыяланган күндөн үч ай өткөндөн кийин" деген сөздөр "2017-жылдын 12-февралынан тартып" деген цифралар жана сөздөр менен алмаштырылсын;

- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Түстүү жана кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын чогултуунун, сатып алуунун, кайра иштетүүнүн жана сатуунун тартиби жөнүндө убактылуу жобонун 2-пункту күчүн жоготту деп таанылсын.

2. "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 25-апрелиндеги № 192 "Түстүү жана кара металлдардын сыныктарын жана калдыктарын чогултуунун, сатып алуунун, кайра иштетүүнүн жана сатуунун тартиби жөнүндө убактылуу жобону бекитүү тууралуу" токтомун күчүн жоготту деп таануу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 11-апрелиндеги № 195 токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 21-апрелиндеги № 213 токтому күчүн жоготту деп таанылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети Кыргыз Республикасынын Экономика министрлиги менен бирдикте түстүү жана кара металлдардын сыныктарын жүгүртүү чөйрөсүндө мамлекеттик жөнгө салуу механизмдерин аныктаган ченемдик укуктук актынын долбоорун иштеп чыксын жана белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

Премьер-министр

С. Жээнбеков
