Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Электрондук башкаруу борборунун кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 15 июля 2016 года № 402 "О вопросах Государственного комитета информационных технологий и связи Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2016-07-15.
КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июлундагы № 402 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2015-жылдын 25-сентябры № 662 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Электрондук башкаруу борборунун кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Электрондук башкаруу борборунун кызматкерлерине эмгек акы төлөө шарттарын белгилөө максатында, ошондой эле "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөнкүлөр бекитилсин:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Электрондук башкаруу борборунун кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрү, 1-тиркемеге ылайык;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Электрондук башкаруу борборунун кызматкерлеринин кызматтык маяналарына иштеген жылдары үчүн пайыздык үстөктөрдүн өлчөмдөрү, 2-тиркемеге ылайык.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Электрондук башкаруу борборунун кызматкерлерине төмөнкүлөрдүн төлөнөөрү белгиленсин:
- ченемделбеген жумуш күнү үчүн кызматтык маянага кызматтык маянадан 50 пайызга чейинки өлчөмдөгү үстөк;
- календардык жылдын аягында - эмгек акы фондунун орточо айлык өлчөмүндө он үчүнчү эмгек акы;
- өргүүгө чыгууда - ден соолукту чыңдоого жөлөкпул эмгек акы фондунун эки айлык өлчөмүндө;
- иштин жашыруун мүнөзү жана жашыруун иш кагаздарын жүргүзүү үчүн кызматтык маяналарга пайыздык үстөк, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте;
- кварталдык сыйлыктар эмгек акы фондунун орточо бир айлык өлчөмүндө.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Электрондук башкаруу борборунун директоруна жылдын жыйынтыгы боюнча эмгек акы төлөө фонду боюнча каражаттар үнөмдөлгөн учурда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Электрондук башкаруу борборунун жетекчилигин жана кызматкерлерин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Электрондук башкаруу борборунун жетекчилигинин жана кызматкерлеринин эки орточо эмгек акыдан ашпаган өлчөмдө сыйлоо укугу берилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги "Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын тиешелүү долбоорун белгиленген тартипте киргизсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын финансы жана кредит саясаты бөлүмүнө жүктөлсүн.
6. Ушул токтом 2015-жылдын 11-июнунан тартып күчүнө кирет.
Премьер-министр
Т. Сариев
1-тиркеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Электрондук башкаруу борборунун кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын ӨЛЧӨМДӨРҮ
№
Кызмат орундарынын аталышы
Кызматтык маяналар (сом менен)
1
Директор
19000
2
Директордун орун басары
18500
3
Эксперт
17000
4
Финансы боюнча адис
15000
5
Кадрлар боюнча адис
15000
6
Айдоочу
8600
2-тиркеме Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Электрондук башкаруу борборунун кызматкерлеринин иштеген жылдары үчүн кызматтык маяналарына пайыздык үстөктөрдүн ӨЛЧӨМДӨРҮ
№
Эмгек стажы
Иштеген жылдары үчүн үстөктөрдүн өлчөмдөрү (%)
1
1 жылдан 3 жылга чейин
5
2
3 жылдан 5 жылга чейин
10
3
5 жылдан 10 жылга чейин
15
4
10 жылдан 15 жылга чейин
20
5
15 жылдан 20 жылга чейин
25
6
20 жылдан 25 жылга чейин
30
7
25 жылдан өйдө
40
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 3 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 1
Шилтеме берет (3)
- Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралууЗакон · 30.12.2015 · № 232
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндөЗакон · 18.06.2012 · № 85 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-июлундагы № 402 "Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин маселелери жөнүндө" токтомуПостановление · 15.07.2016 · № 402 · Күчүн жоготкон
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын 2015-жылга республикалык бюджети жана 2016-2017-жылдарга болжолу жөнүндөЗакон · 30.12.2014 · № 176