# КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-августундагы № 432 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 584 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан каражат бөлүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-августундагы № 432 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 584 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан каражат бөлүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 432
- Кабыл алынган күнү: 05.08.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/99449>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19393/edition/772579/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/99449.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 5-августундагы № 432 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 584 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан каражат бөлүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө" токтому (25.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/99449

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 5-августу № 432 Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 584 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан каражат бөлүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоо киргизүү жөнүндө "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 584 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан каражат бөлүүнүн тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр жана толуктоо киргизилсин:

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн резервдик фондунан каражат бөлүүнүн тартиби жөнүндө жободо:

- расмий тилдеги текстинин 2-пунктунун экинчи абзацындагы "частичной" деген сөз алып салынсын;

- 3-пунктундагы "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү" деген сөздөр "мамлекеттик органдар" деген сөздөр менен алмаштырылсын;

- 4-пунктунун экинчи абзацындагы "жана администрациялык ведомстволор" деген сөздөрдөн кийин "же Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратынын түзүмдүк бөлүмдөрү" деген сөздөр менен толукталсын, "Өкмөтүнүн" деген сөз "Премьер-министринин" деген сөз менен алмаштырылсын;

- 5-пунктундагы "Өкмөтүнүн" деген сөз "Премьер-министринин" деген сөз менен алмаштырылсын;

- 8-пунктундагы "Президентинин Иш башкармасынын Пландоо, каржылоо жана эсеп борбору" деген сөздөр "Президентинин жана Өкмөтүнүн Иш башкармасы" деген сөздөр менен алмаштырылсын.

2. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

С. Жээнбеков
