# КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 9-августундагы № 436 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 9-августундагы № 436 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 436
- Кабыл алынган күнү: 03.06.2016
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.03.2021
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/99443>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-19388/edition/1048492/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/99443.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.03.2021 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 9-августундагы № 436 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги жөнүндө" токтому (03.03.2021 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/99443

---

КР Өкмөтүнүн 2021-жылдын 3-мартындагы № 68 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2016-жылдын 9-августу № 436 Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 2-декабрындагы № 643, 2017-жылдын 24-августундагы № 539, 2018-жылдын 31-январындагы № 72 , 2018-жылдын 22-октябрындагы № 499 , 2019-жылдын 9-январындагы № 5 токтомдорунун редакциясына ылайык) "Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 10 жана 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Төмөнкүлөр бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги жөнүндө жобо, 1-тиркемеге ылайык;

- Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин башкаруу схемасы, 2-тиркемеге ылайык.

2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-декабрындагы № 746 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2010-жылдын 3-сентябрындагы № 188 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы "Кыргызавтожолдору" мамлекеттик ишканасын Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментине кайра уюштуруу жөнүндө" токтомунун 5-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-июлундагы № 364 "Кыргыз Республикасында магистралдык темир жолду куруунун уюштуруу маселелери жөнүндө" токтомунун 3-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 21-октябрындагы № 659 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 8-декабрындагы № 746 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлиги жөнүндө" токтомуна толуктоо киргизүү тууралуу" токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 4-июлундагы № 466 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин транспорт тармагындагы ишин оптималдаштыруу жөнүндө" токтомунун 4-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 7-августундагы № 456 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 1-пункту;

- (абзац КР Өкмөтүнүн 2019-жылдын 9-январындагы № 5 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 30-мартындагы № 168 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 11-пункту;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 31-мартындагы № 173 "Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин алдындагы Салмак-габариттик контролдоо департаменти жөнүндөгү жобону жана башкаруу схемасын бекитүү тууралуу" токтомунун 3-пункту.

3. Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

4. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Премьер-министр

С. Жээнбеков

2-тиркеме Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министрлигинин башкаруу СХЕМАСЫ (КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 2-декабрындагы № 643, 2017-жылдын 24-августундагы № 539, 2018-жылдын 31-январындагы № 72 . 2018-жылдын 22-октябрындагы № 499 токтомдорунун редакциясына ылайык)
