97-статья. Ушул Мыйзамдын күчүнө кириши
Күчүн жоготкон · 18.03.2002 редакциясы · 10-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 20 января 2017 года № 6.
97-берене боюнча сурооңуз барбы?Чат-боттун жообун 97-берене менен салыштырыңыз
ЖИ мыйзамдын тексти боюнча жооп беретЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берет · акысыз
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
1. Ушул Мыйзам жарыяланган учурдан тартып күчүнө кирет.
2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү:
- Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине мыйзамдарды ушул Мыйзамга ылайык келтирүү боюнча сунуш киргизсин;
- өзүнүн ченемдик актыларын ушул Мыйзамга ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын Президенти
А. Акаев
"Кыргыз Республикасынын аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына тиркеме
Аткаруу документтери боюнча өндүрүп алууну буруу мүмкүн болбогон мүлктүн түрлөрүнүн (54-статьяга карата) тизмеси
Аткаруу документтери боюнча карызкорго же анын багуусунда турган адамдарга жеке менчик укугунда таандык жана ага зарыл болгон төмөнкүдөй түрдөгү мүлктөргө жана буюмдарга өндүрүп алуу бурулушу мүмкүн эмес:
1. Негизги иши айыл чарбасы болгон адамдардын - жалгыз ую, ую жок болгон учурда - жалгыз кунаажыны; ую да, кунаажыны да жок чарбаларда - жалгыз кою, эчкиси же чочкосу, ошондой эле бакма канаттуулары.
2. Жаңы тоют жыйноого же малды жайытка чыгарууга чейин зарыл болгон тоют.
3. Негизги иши айыл чарбасы болгон адамдардын - кезектеги себүү үрөнү.
4. Карызкорго жана анын багуусунда болгон адамдарга зарыл болгон буюм-тайымдар жана кийим-кечек:
а) кийим-кечек: ар бир кишиге: бир жайкы же күзгү пальто, бир кышкы пальто же тон, бир кышкы костюм (аялдар үчүн эки кышкы көйнөк), бир жайкы костюм (аялдар үчүн эки жайкы көйнөк), ар бир сезонго бирден баш кийим (аялдар үчүн мындан тышкары эки жайкы жоолук же тыбыт жоолук), узак мезгилден бери пайдаланууда болгон жана байлык деп эсептелбеген башка кийим-кечек жана бут кийим;
б) пайдаланууда болгон бут кийим, ич кийим, төшөнчү, ашкана буюмдары (баалуу материалдан жасалган, ошондой эле көркөмдүк жагынан баалуу болгон буюмдардан тышкары);
в) эмерек - ар бир кишиге бирден керебет жана отургуч, бир стол, бир үй-бүлөгө бир шкаф жана сандык;
г) балдардын бардык буюмдары.
5. Эгерде карызкордун негизги иштеген иши айыл чарбасы болсо, анда карызкор жана анын үй-бүлөсү үчүн жаңы түшүмгө чейин зарыл болгон азык-түлүк, ал эми калган учурларда - карызкордун үй-бүлөсүнүн ар бир мүчөсү үчүн тамак-аш жана эң аз айлык эмгек акы өлчөмүндөгү акча.
6. Тамак-аш жасоо үчүн жана жылытуу сезонунун ичинде үй-бүлө жашаган турак-жайды жылытуу үчүн зарыл болгон отун.
7. Карызкор соттун өкүмүнө ылайык тийиштүү иш-аракет менен алектенүү укугунан ажыратылган, же качан гана буюмдар мыйзамсыз иштер үчүн пайдаланылган учурдан тышкары, карызкордун кесиптик иштерин улантуу үчүн зарыл болгон буюм-тайымдар (анын ичинде китептер жана окуу куралдары).
Берененин тексти 18.03.2002 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
97-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/994/st-97" title="97-статья - Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>