# 91-статья. Аткаруу жыйымы

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу](https://aqlex.ai/kg/doc/994)
- Документтеги орду: 7-Глава
- Толук аталышы: КР 2002-жылдын 18-мартындагы № 39 "Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 39
- Кабыл алынган күнү: 18.03.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.03.2002
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 13 марта 2015 года № 57 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об исполнительном производстве и о статусе судебных исполнителей в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205478)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/994#diff=885803..885804>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-91>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-944/edition/885800/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/994/st-91.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.03.2002 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу, 91-статья (18.03.2002 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-91

---

1. Карызкордон мүлктүк мүнөздөгү аткаруу документин анык мажбурлоо менен аткартуу үчүн аткаруу жыйымы ушул Мыйзамдын 92-статьясында каралгандан тышкары учурларда, өндүрүлгөн сумманын же өндүрүп алынган мүлктүн наркынын 10 пайыз өлчөмүндө өндүрүлөт. Өндүрүп алынган аткаруу жыйымы сотторду өнүктүрүү фондуна чегерилет.

2. Карызкордон аткаруу жыйымы катары өндүрүп алынган сумманын 50 пайызы аткаруу документин аткарууну камсыз кылган соттук аткаруучулардын кызматтык бөлүмүнүн соттук аткаруучуларына акчалай сыйлыктарды төлөп берүүгө, ошондой эле аткаруу өндүрүшүн өнүктүрүүгө жумшалат.

3. Соттук аткаруучуларга акчалай сыйлыктарды бөлүштүрүү жана төлөп берүү жөнүндө маселени Кыргыз Республикасынын Башкы соттук аткаруучусу же областтык башкы соттук аткаруучу чечет.

4. Соттук аткаруучуларга акчалай сыйлыктарды төлөп берүүнүн өлчөмү Кыргыз Республикасында белгиленген эмгекке акы төлөөнүн эң аз 25 өлчөмүнөн ашпоого тийиш.

5. Аткаруу жыйымын өндүрүп алуу сот актысынын негизинде гана жүргүзүлөт.

(КР 2015-жылдын 13-мартындагы № 57 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [90-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-90)  
Кийинки берене: [92-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-92)
