# 9-статья. Соттук аткаруучунун жоопкерчилиги

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу](https://aqlex.ai/kg/doc/994)
- Документтеги орду: 2-Глава
- Толук аталышы: КР 2002-жылдын 18-мартындагы № 39 "Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 39
- Кабыл алынган күнү: 18.03.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.03.2002
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-9>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-944/edition/885800/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/994/st-9.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.03.2002 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу, 9-статья (18.03.2002 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-9

---

1. Жорук кылгандыгы жана укук бузгандыгы, өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарбагандыгы же талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн соттук аткаруучу Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген тартипте жоопкерчилик тартат.

Соттук аткаруучу келтирген зыяндын орду Кыргыз Республикасынын мыйзамында каралган эрежелер боюнча толтурулууга тийиш.

2. Соттук аткаруучунун иш-аракети жогорку турган соттук аткаруучуга же сотко Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген тартипте даттанылышы мүмкүн.

Жогору турган соттук аткаруучуга даттанып кайрылуу сотко ушундай эле даттануу менен кайрылуу үчүн бөгөт болуп саналбайт.

---

Мурунку берене: [8-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-8)  
Кийинки берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-10)
