# 88-статья. Аткаруу иш-аракеттерин жасоо боюнча чыгымдар

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу](https://aqlex.ai/kg/doc/994)
- Документтеги орду: 7-Глава
- Толук аталышы: КР 2002-жылдын 18-мартындагы № 39 "Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 39
- Кабыл алынган күнү: 18.03.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.03.2002
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-88>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-944/edition/885800/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/994/st-88.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.03.2002 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу, 88-статья (18.03.2002 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-88

---

1. Аткаруу иш-аракеттерин жүргүзүү боюнча чыгымдар деп аларды уюштуруу жана аткаруу үчүн жумшалган бюджеттик каражаттар жана аткаруу өндүрүшүнө катышкан тараптардын жана башка адамдардын каражаттары саналат.

2. Аткаруу иш-аракеттерин жүргүзүү боюнча чыгымдарга:

1) карызкордун мүлкүн аныктоо, карап чыгуу жана баалоо;

2) карызкордун мүлкүн тизмелеп жазууну жана ага камак салууну уюштуруу жана өткөрүү, мындай мүлктү ташуу жана аны сактоону уюштуруу;

3) камак салынган мүлктү сатуу;

4) аткаруу иш-аракеттерин жүргүзүү үчүн белгиленген тартипте тартылган котормочулардын, эксперттердин жана башка адамдардын иши үчүн төлөө;

5) карызкорду издөө;

6) өндүрүп алуучуга өндүрүп алынган сумманы почта аркылуу жиберүү (которуу);

7) өндүрүп алуучунун авансы түрүндөгү төгүмү;

8) аткаруу документин аткарууда жасалуучу башка зарыл болгон иш-аракеттер үчүн жумшаган каражаттар кирет.

---

Мурунку берене: [87-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-87)  
Кийинки берене: [89-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-89)
