# 87-статья. Өндүрүп алуучунун талаптарын канааттандыруунун кезектүүлүгү

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу](https://aqlex.ai/kg/doc/994)
- Документтеги орду: 7-Глава
- Толук аталышы: КР 2002-жылдын 18-мартындагы № 39 "Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 39
- Кабыл алынган күнү: 18.03.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.03.2002
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-87>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-944/edition/885800/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/994/st-87.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.03.2002 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу, 87-статья (18.03.2002 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-87

---

1. Карызкордон өндүрүп алынган суммалар аткаруу документтери боюнча бардык талаптарды аткаруу үчүн жетишсиз болгон учурда, бул сумма өндүрүп алуучулардын ортосунда ушул статьянын 2-пунктунда белгиленген кезектүүлүк тартиби боюнча бөлүштүрүлөт.

2. Биринчи кезекте алименттерди өндүрүп алуу боюнча талаптар; кызматкерлердин эмгектик укук мамилелеринен келип чыккан талаптары, ден соолукка келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча, ошондой эле багар-көрөр адамынын өлүмүнө байланыштуу талаптар канааттандырылат.

Экинчи кезекте автордук укукту же интеллектуалдык менчик объекттерине карата укукту пайдалангандык үчүн сый акыны төлөп берүү боюнча талаптар; кылмыш же административдик укук бузуу аркылуу мүлккө келтирилген зыяндын ордун толтуруп берүү боюнча талаптар канааттандырылат. Үчүнчү кезекте күрөө менен камсыз кылынган милдеттенмелер боюнча кредит берүүчүлөрдүн камсыз кылуу суммасынын чегиндеги талаптары канааттандырылат. Төртүнчү кезекте бюджетке жана бюджеттен тышкаркы фондуларга милдеттүү төлөмдөр боюнча талаптар канааттандырылат. Бешинчи кезекте калган бардык талаптар канааттандырылат.

3. Кийинки кезектеги ар бир талап алдынкы кезектеги талаптар толук төлөп берилгенден кийин канааттандырылат. Өндүрүлүп алынган сумма кезектеги бардык талаптарды толук канааттандыруу үчүн жетишсиз болсо, мындай талаптар ар бир өндүрүп алуучуга тийиштүү суммага жараша канааттандырылат.

---

Мурунку берене: [86-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-86)  
Кийинки берене: [88-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-88)
