Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
87-статья. Өндүрүп алуучунун талаптарын канааттандыруунун кезектүүлүгү
Күчүн жоготкон · 18.03.2002 редакциясы · 7-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 20 января 2017 года № 6.
1. Карызкордон өндүрүп алынган суммалар аткаруу документтери боюнча бардык талаптарды аткаруу үчүн жетишсиз болгон учурда, бул сумма өндүрүп алуучулардын ортосунда ушул статьянын 2-пунктунда белгиленген кезектүүлүк тартиби боюнча бөлүштүрүлөт.
2. Биринчи кезекте алименттерди өндүрүп алуу боюнча талаптар; кызматкерлердин эмгектик укук мамилелеринен келип чыккан талаптары, ден соолукка келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча, ошондой эле багар-көрөр адамынын өлүмүнө байланыштуу талаптар канааттандырылат.
Экинчи кезекте автордук укукту же интеллектуалдык менчик объекттерине карата укукту пайдалангандык үчүн сый акыны төлөп берүү боюнча талаптар; кылмыш же административдик укук бузуу аркылуу мүлккө келтирилген зыяндын ордун толтуруп берүү боюнча талаптар канааттандырылат. Үчүнчү кезекте күрөө менен камсыз кылынган милдеттенмелер боюнча кредит берүүчүлөрдүн камсыз кылуу суммасынын чегиндеги талаптары канааттандырылат. Төртүнчү кезекте бюджетке жана бюджеттен тышкаркы фондуларга милдеттүү төлөмдөр боюнча талаптар канааттандырылат. Бешинчи кезекте калган бардык талаптар канааттандырылат.
3. Кийинки кезектеги ар бир талап алдынкы кезектеги талаптар толук төлөп берилгенден кийин канааттандырылат. Өндүрүлүп алынган сумма кезектеги бардык талаптарды толук канааттандыруу үчүн жетишсиз болсо, мындай талаптар ар бир өндүрүп алуучуга тийиштүү суммага жараша канааттандырылат.
Берененин тексти 18.03.2002 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Берененин байланыштары
Беренеге шилтеме бергендер
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/994/st-87" title="87-статья - Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>