# 85-статья. Өндүрүп алынган акча каражаттарын бөлүштүрүү

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу](https://aqlex.ai/kg/doc/994)
- Документтеги орду: 7-Глава
- Толук аталышы: КР 2002-жылдын 18-мартындагы № 39 "Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 39
- Кабыл алынган күнү: 18.03.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.03.2002
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-85>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-944/edition/885800/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/994/st-85.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.03.2002 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу, 85-статья (18.03.2002 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-85

---

1. Соттук аткаруучу тарабынан өндүрүп алынган суммадан алгач аткаруу процессинде карызкорго салынган жазапул төлөнөт, андан кийин аткаруу боюнча чыгымдар жабылат, калган сумма өндүрүп алуучулардын талаптарын канааттандыруу үчүн келип түшөт. Бардык талаптар канааттандырылгандан кийин калган сумма карызкорго кайтарып берилет.

2. Карызкордон алынган жана өндүрүп алуучуларга берилүүгө тийиш болгон суммалар соттук аткаруучу тарабынан депозиттик эсепке чегерилет, андан кийин алар белгиленген тартипте берилет же которулат.

3. Мамлекеттин кирешесине чегерилүүгө тийиш болгон суммалар соттук аткаруучу тарабынан түздөн-түз банк мекемесине салынат.

4. Чет өлкөлөрдө жашаган адамдардын пайдасына өндүрүп алынган суммалар өндүрүп алуучуга белгиленген тартипте которулат.

---

Мурунку берене: [84-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-84)  
Кийинки берене: [86-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-86)
