85-статья. Өндүрүп алынган акча каражаттарын бөлүштүрүү
Күчүн жоготкон · 18.03.2002 редакциясы · 7-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 20 января 2017 года № 6.
1. Соттук аткаруучу тарабынан өндүрүп алынган суммадан алгач аткаруу процессинде карызкорго салынган жазапул төлөнөт, андан кийин аткаруу боюнча чыгымдар жабылат, калган сумма өндүрүп алуучулардын талаптарын канааттандыруу үчүн келип түшөт. Бардык талаптар канааттандырылгандан кийин калган сумма карызкорго кайтарып берилет.
2. Карызкордон алынган жана өндүрүп алуучуларга берилүүгө тийиш болгон суммалар соттук аткаруучу тарабынан депозиттик эсепке чегерилет, андан кийин алар белгиленген тартипте берилет же которулат.
3. Мамлекеттин кирешесине чегерилүүгө тийиш болгон суммалар соттук аткаруучу тарабынан түздөн-түз банк мекемесине салынат.
4. Чет өлкөлөрдө жашаган адамдардын пайдасына өндүрүп алынган суммалар өндүрүп алуучуга белгиленген тартипте которулат.
Берененин тексти 18.03.2002 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
85-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/994/st-85" title="85-статья - Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>