# 83-статья. Өндүрүп алуучуну жайгаштыруу жөнүндө аткаруу документин аткаруу

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу](https://aqlex.ai/kg/doc/994)
- Документтеги орду: 6-Глава
- Толук аталышы: КР 2002-жылдын 18-мартындагы № 39 "Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 39
- Кабыл алынган күнү: 18.03.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.03.2002
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-83>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-944/edition/885800/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/994/st-83.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.03.2002 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу, 83-статья (18.03.2002 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-83

---

1. Өндүрүп алуучуну жайгаштыруу жөнүндө аткаруу документи соттук аткаруучу тарабынан ыктыярдуу аткаруу үчүн белгиленген мөөнөттө аткарылбаган учурда, жайгаштыруу соттук аткаруучу тарабынан мажбурлоо менен жүргүзүлөт. Жайгаштыруу соттук аткаруучу тарабынан өндүрүп алуучу аткаруу документинде көрсөтүлгөн жайга тоскоолдуксуз кирүүсүн жана анда жашоосун (болуусун) камсыз кылуусунан турат. Бул учурда мажбурлап жайгаштыруу жүргүзүлүп жаткандыгы жана ал өндүрүп алуучуга мында жашоого (болууга) тоскоолдук кылбаганга милдеттүү экендиги түшүндүрүлөт.

2. Өндүрүп алуучуну жайгаштыруу тууралу аткаруу документин аткарууга карызкор тоскоолдук кылган учурда, аткаруу иш-аракеттери далил күбөлөрдүн, зарыл болгон учурда - ички иштер органдарынын катышуусу менен жүргүзүлөт. Кийин дагы өндүрүп алуучунун мында жашоосуна (болуусуна) тоскоолдуктар жасалган учурда, аталган иш-аракеттер кайрадан жасалып, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган административдик таасир этүү чаралары колдонулат.

3. Өндүрүп алуучуну жайгаштыруу тууралу аткаруу документин аткаруу соттук аткаруучу тарабынан жайгаштыруу жөнүндө акт жол-жоболоштурулат.

4. Эгерде өндүрүп алуучуга тиешелүү жайдан тоскоолдуксуз күнүгө пайдалануу мүмкүнчүлүгү камсыз кылынган учурда, аткаруу документи аткарылды деп эсептелет.

5. Эгерде өндүрүп алуучуну жайгаштыргандан кийин да карызкор өндүрүп алуучунун жашашына (болушуна) кайрадан тоскоолдук кылса, андай учурда аткарылган документ боюнча аткаруу өндүрүшү кайрадан козголот. Өндүрүп алуучунун жашашына (болушуна) тоскоолдук кылып жаткан адам аткаруу документине ылайык карызкор болуп эсептелбесе, анда аткаруу өндүрүшү козголушу мүмкүн эмес. Жайгаштыруу жөнүндө маселе бул учурда сот тартибинде чечилет.

---

Мурунку берене: [82-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-82)  
Кийинки берене: [84-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-84)
