# 82-статья. Карызкорду жашаган жайынан чыгаруу жөнүндө аткаруу документин аткаруу

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу](https://aqlex.ai/kg/doc/994)
- Документтеги орду: 6-Глава
- Толук аталышы: КР 2002-жылдын 18-мартындагы № 39 "Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 39
- Кабыл алынган күнү: 18.03.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.03.2002
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-82>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-944/edition/885800/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/994/st-82.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.03.2002 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу, 82-статья (18.03.2002 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-82

---

1. Соттук аткаруучу тарабынан карызкорду жашаган жайынан чыгаруу жөнүндө аткаруу документин аткаруу үчүн белгиленген мөөнөтүндө аткарылбаган учурда чыгарып салуу соттук аткаруучу тарабынан мажбурлоо менен жүргүзүлөт.

2. Соттук аткаруучу карызкорго жашаган жайынан мажбурлап чыгаруунун аткарыла турган күнү жана убактысы жөнүндө расмий билдирет. Жашаган жайынан чыгарып салуу күнү жөнүндө билдирилген карызкордун жок болушу аткаруу документин аткаруу үчүн тоскоолдук кылбайт.

3. Жашаган жайынан чыгарып салуу аткаруу документинде көрсөтүлгөн жайды чыгаруучудан (чыгаруучулардан), анын (алардын) мал-мүлкүнөн бошотууда жана чыгаруучуга (чыгаруучуларга) бошотулган жайды пайдаланууга тыюу салуудан турат.

4. Жашаган жайынан чыгарып салуу далил күбөлөрдүн катышуусу, зарыл болгон учурда - ички иштер органдарынын көмөгү менен мүлкүн соттук аткаруучу тарабынан милдеттүү түрдө тизмелөө аркылуу жүргүзүлөт.

5. Соттук аткаруучу зарыл болгон учурда карызкордун мүлкүнүн сакталышын тарткан чыгымдарды ага жүктөө менен камсыз кылат. Карызкордун мүлкү үч жылдан ашпаган мөөнөттө сакталат, андан кийин аталган мүлк ээсиз мүлктү сатуу үчүн белгиленген тартипте сатылат. Карызкордун мүлкүн сатуудан түшкөн каражат тиешелүү бюджетке чегерилет.

6. Карызкорду жашаган жайынан чыгаруу жөнүндө аткаруу документин аткарууда соттук аткаруучу тарабынан чыгаруу жөнүндө акт жол-жоболоштурулат.

---

Мурунку берене: [81-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-81)  
Кийинки берене: [83-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-83)
