82-статья. Карызкорду жашаган жайынан чыгаруу жөнүндө аткаруу документин аткаруу
Күчүн жоготкон · 18.03.2002 редакциясы · 6-Глава
Акт күчүн жоготкон. Негизи: Закон КР от 20 января 2017 года № 6.
1. Соттук аткаруучу тарабынан карызкорду жашаган жайынан чыгаруу жөнүндө аткаруу документин аткаруу үчүн белгиленген мөөнөтүндө аткарылбаган учурда чыгарып салуу соттук аткаруучу тарабынан мажбурлоо менен жүргүзүлөт.
2. Соттук аткаруучу карызкорго жашаган жайынан мажбурлап чыгаруунун аткарыла турган күнү жана убактысы жөнүндө расмий билдирет. Жашаган жайынан чыгарып салуу күнү жөнүндө билдирилген карызкордун жок болушу аткаруу документин аткаруу үчүн тоскоолдук кылбайт.
3. Жашаган жайынан чыгарып салуу аткаруу документинде көрсөтүлгөн жайды чыгаруучудан (чыгаруучулардан), анын (алардын) мал-мүлкүнөн бошотууда жана чыгаруучуга (чыгаруучуларга) бошотулган жайды пайдаланууга тыюу салуудан турат.
4. Жашаган жайынан чыгарып салуу далил күбөлөрдүн катышуусу, зарыл болгон учурда - ички иштер органдарынын көмөгү менен мүлкүн соттук аткаруучу тарабынан милдеттүү түрдө тизмелөө аркылуу жүргүзүлөт.
5. Соттук аткаруучу зарыл болгон учурда карызкордун мүлкүнүн сакталышын тарткан чыгымдарды ага жүктөө менен камсыз кылат. Карызкордун мүлкү үч жылдан ашпаган мөөнөттө сакталат, андан кийин аталган мүлк ээсиз мүлктү сатуу үчүн белгиленген тартипте сатылат. Карызкордун мүлкүн сатуудан түшкөн каражат тиешелүү бюджетке чегерилет.
6. Карызкорду жашаган жайынан чыгаруу жөнүндө аткаруу документин аткарууда соттук аткаруучу тарабынан чыгаруу жөнүндө акт жол-жоболоштурулат.
Берененин тексти 18.03.2002 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
82-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/994/st-82" title="82-статья - Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>