# 81-статья. Карызкорду белгилүү бир иш-аракеттерди жасоого же аларды жасабоого милдеттендирген аткаруу документин аткаруу

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу](https://aqlex.ai/kg/doc/994)
- Документтеги орду: 6-Глава
- Толук аталышы: КР 2002-жылдын 18-мартындагы № 39 "Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 39
- Кабыл алынган күнү: 18.03.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.03.2002
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 13 марта 2015 года № 57 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "Об исполнительном производстве и о статусе судебных исполнителей в Кыргызской Республике"](https://aqlex.ai/kg/doc/205478)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/994#diff=885803..885804>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-81>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-944/edition/885800/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/994/st-81.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.03.2002 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу, 81-статья (18.03.2002 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-81

---

1. Карызкорду белгилүү бир иш-аракеттерди жүргүзүүгө же аларды жүргүзбөөгө милдеттендирген аткаруу документи белгиленген мөөнөттө аткарылбаган учурда, соттук аткаруучу тарабынан ал жөнүндө акт түзүп, сот тартибинде чечүү үчүн анын аткарыла турган жери боюнча сотко жиберет. Сот заседаниесинин өткөрүлө турган убактысы жана жери жөнүндө аткаруу өндүрүшүнүн тараптарына билдирилет, бирок алардын келбегендиги аткаруу документинин аткарылбагандыгы тууралу маселени кароо үчүн тоскоолдук болбойт.

2. Сот карызкорду белгилүү бир иш-аракеттерди жүргүзүүгө же аларды жүргүзбөөгө милдеттендирген аткаруу документинин аткарылбагандыгын аныктоо менен карызкорго карата административдик жактан таасир этүү чарасын көрө алат жана бул карызкорду аткаруу документинде каралган белгилүү бир иш-аракеттерди жүргүзүү же аларды жүргүзбөө милдетинен бошотпойт.

3. Эгерде карызкорду иш-аракеттерди жүргүзбөө милдеттендирген аткаруу документи аткарылбаса, анда сот өндүрүп алуучуга аларды карызкордун эсебинен ишке ашыруу укугун берет болбосо соттук аткаруучуга аларды карызкордун эсебинен аткарууну уюштурууга тапшырма берет.

4. Карызкорду анын өзү гана жасай ала турган кандайдыр бир иш-аракеттерди жүргүзүүгө милдеттендирген аткаруу документи сот белгилеген мөөнөттө аткарылбаган учурда, сот карызкорго карата ушул статьяда белгиленген административдик таасир этүү чараларды колдонуу маселесин карап көрүү менен ага аткаруу документин аткаруу үчүн жаңы мөөнөт белгилейт.

5. Карызкор кийин дагы аткаруу документин аткарбаганда, ага карата ушул статьянын 4-пунктунда каралган чаралар кайра колдонулат жана аткаруу үчүн жаңы мөөнөт дайындалат же болбосо аткаруу документин аткарбагандыгы тууралуу материалдар тиешелүү органдарга Кыргыз Республикасынын жазык мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартуу жөнүндө чечим кабыл алуу үчүн жөнөтүлөт.

(КР 2015-жылдын 13-мартындагы № 57 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [80-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-80)  
Кийинки берене: [82-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-82)
