# 80-статья. Иш ордуна кайра коюу жөнүндөгү аткаруу документтерин аткаруу

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу](https://aqlex.ai/kg/doc/994)
- Документтеги орду: 6-Глава
- Толук аталышы: КР 2002-жылдын 18-мартындагы № 39 "Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 39
- Кабыл алынган күнү: 18.03.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.03.2002
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-80>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-944/edition/885800/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/994/st-80.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.03.2002 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу, 80-статья (18.03.2002 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-80

---

Карызкор иш ордуна кайра коюу жөнүндө аткаруу документин аткарбаган учурда соттук аткаруучу иш ордуна кайра коюу тууралу соттун актысы же башка органдын актысы чыгарылган күндөн тартып ал аткарылган күнгө чейинки бардык мезгил үчүн иштебей калган адамга орточо эмгек акысын же эмгек акыдагы айырмасын төлөп берүү боюнча токтом чыгаруу жөнүндө судьяга сунуштама киргизет.

2. Иш ордуна кайра коюу жөнүндө аткаруу документи иштен мыйзамсыз бошотулган же которулган кызматкер, администрация бошотуу же которуу тууралу өзүнүн мурдагы мыйзамсыз буйругун алып салуу жөнүндө буйругун чыгаргандан кийин, мурдагы ишин иштөөгө киришкен учурдан тартып аткарылды деп эсептелет.

---

Мурунку берене: [79-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-79)  
Кийинки берене: [81-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-81)
