# 8-статья. Соттук аткаруучулардын ишин социалдык жактан гарантиялоо

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу](https://aqlex.ai/kg/doc/994)
- Документтеги орду: 2-Глава
- Толук аталышы: КР 2002-жылдын 18-мартындагы № 39 "Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 39
- Кабыл алынган күнү: 18.03.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.03.2002
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-8>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-944/edition/885800/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/994/st-8.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.03.2002 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу, 8-статья (18.03.2002 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-8

---

1. Соттук аткаруучулар республикалык бюджеттин каражаттарынын эсебинен мамлекеттик милдеттүү камсыздандырууга алынат, анын тартиби жана шарты Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленет.

2. Соттук аткаруучу Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык кызматтык турак-жай менен камсыз болууга укуктуу.

3. Соттук аткаруучу кызматтык милдеттерин аткарууга байланыштуу курман болсо же соттук аткаруу өндүрүшүн жүргүзүү мезгилинде алган жаракатынын, мертинүүнүн, оорунун кесепетинен иштен бошотулгандан кийин өлсө, ал адамдын (өлгөн адамдын) үй-бүлөсүнө Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык төлөмдөр берилет.

---

Мурунку берене: [7-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-7)  
Кийинки берене: [9-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-9)
