# 78-статья. Алименттерди жана алименттик милдеттенмелер боюнча карыздарды өндүрүү тартиби

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу](https://aqlex.ai/kg/doc/994)
- Документтеги орду: 6-Глава
- Толук аталышы: КР 2002-жылдын 18-мартындагы № 39 "Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 39
- Кабыл алынган күнү: 18.03.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.03.2002
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-78>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-944/edition/885800/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/994/st-78.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.03.2002 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу, 78-статья (18.03.2002 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-78

---

1. Алименттерди өндүрүү иштери боюнча сот актыларын жана соттун буйруктарын аткаруу карызкордун өндүрүп алууга жол берилген эмгек акысына жана башка кирешелерине буруу аркылуу жүргүзүлөт.

2. Алименттер боюнча карыздын өлчөмү соттук аткаруучу тарабынан алименттик төлөмдөрдү өндүрүп алуу жөнүндөгү аткаруу документин аткара турган жери боюнча карызкордун төлөө жүргүзүлбөгөн мезгил ичиндеги, же болбосо өндүрүп алуучунун тандоосу боюнча, карызды аныктоо мезгилине карата алуучу иш жүзүндөгү эмгек акысынан (кирешесинен) келип чыгуу менен аныкталат.

Эгерде карызкор бул мезгил ичинде иштебесе, карыз ошол жердеги орточо эмгек акыдан келип чыгуу менен аныкталат.

3. Алименттик төлөмдөрдү карызкордун эмгек акысынан же башка кирешелеринен катары менен үч айдын ичинде өндүрүп алуу мүмкүн болбогон учурда, өндүрүп алуу карызкордун мүлкүнө ушул Мыйзамда белгиленген тартипте бурулат.

Мүлккө карата өндүрүп алууну буруу тууралу соттук аткаруучу токтом чыгарат.

---

Мурунку берене: [77-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-77)  
Кийинки берене: [79-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-79)
