# 77-статья. Өндүрүп алууну буруу мүмкүн болбогон суммалар

- Документ: [Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу](https://aqlex.ai/kg/doc/994)
- Документтеги орду: 6-Глава
- Толук аталышы: КР 2002-жылдын 18-мартындагы № 39 "Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 39
- Кабыл алынган күнү: 18.03.2002
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 18.03.2002
- Күчүн жоготуунун негизи: [Закон КР от 20 января 2017 года № 6 "О введении в действие Гражданского процессуального кодекса Кыргызской Республики, Административно-процессуального кодекса Кыргызской Республики, Закона Кыргызской Республики "О статусе судебных исполнителей и об исполнительном производстве"](https://aqlex.ai/kg/doc/111513)
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-77>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-944/edition/885800/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/994/st-77.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 18.03.2002 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасындагы аткаруу өндүрүшү жөнүндө жана соттук аткаруучулардын статусу тууралу, 77-статья (18.03.2002 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-77

---

Өндүрүп алуу:

1) ден соолукка келтирилген зыяндын ордун толтуруу, ошондой эле багар-көрөр адамынын өлүмүнө байланыштуу төлөнүүчү суммаларга;

2) кызматтык милдеттерин аткаруу мезгилинде дуушар болгон майыптыгы (жарадар, жаракат, контузия) боюнча жана алардын курман болушуна (өлүмүнө) байланыштуу үй-бүлө мүчөлөрүнө төлөнүүчү камсыздандыруу суммаларына жана бир жолку жөлөкпулдарга;

3) баланын төрөлүшүнө; көп балалуу энелерге; жалгыз бой аталарга же энелерге; ата-энеси изделип жаткан мезгилде бойго жете элек балдарды багууга; пенсионерлерге жана I топтогу майыптарга аларды багууга байланыштуу төлөнүүчү жөлөкпулдарга; ден соолугуна зыян келтирилген учурда жабыр тарткандарга кошумча тамактануу, санаториялык-курорттук дарылануу, протездөө жана аларды багуу боюнча чыгымдарга төлөнүүчү суммаларга; алименттик милдеттенмелер боюнча;

4) зыяндуу же экстремалдык шарттарда иштөө үчүн компенсациялык төлөмдөргө, ошондой эле экологиялык кырсыктан же жарандык жана аскердик багыттагы ядролук объекттердеги авариялардын кесепеттерин жоюуда, атомдук куралды жардырууда жана сыноону жүргүзүүдө болбосо ядролук объекттердеги кырдаалдардын натыйжасында радиациялык таасирден жабыркаган жарандарга төлөнүүчү суммаларга жана мыйзамда белгиленген башка учурларда;

5) бир жолку материалдык жардамга;

6) кызматкер иштен бошогондо төлөнүүчү бошонуу жөлөкпулуна;

7) пайдаланылбаган өргүү үчүн ордун толтуруу төлөмүнө (бир нече жылдагы өргүү бириктирилген учурдан тышкары) бурулушу мүмкүн эмес.

---

Мурунку берене: [76-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-76)  
Кийинки берене: [78-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/994/st-78)
